Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Гуля Алмамбетовадан мэриядан кетүүнү суранды. Бул маалыматты Алмамбетова өзү журналисттерге тастыктады.
“Мен ага суроо бердим, эмне үчүн ушул убакытка чейин иштеген адамдарды жумуштан кетирип жатат? Бул зарыл жана ал убактылуу шаар мэри деген жооп алдым. Иштеп жаткан адамдарга тийбеш керек экенин билдирдим. Ал менин кеңешиме муктаж эместигин, кеңеше турган адамы бар деп жооп берди, мен бурулуп кетип калдым”, – деди Алмамбетова.
Гуля Алмамбетова шаардын жана шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн иштей берээрин баса белгиледи.
“Бул үчүн Балбак Түлөбаевден уруксат суроонун кажети жок” – деди ал.
Эске салсак, Бишкекте саясий кризис башталгандан тарта борбор калаанын мэринин креслосу үчүн күрөш уланып жатат. Учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ