Menu

Түркмөн ишкерлери үчүн жаңы чектөөлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Жыл башынан тарта Түркмөнстандын жеке ишкерлери үчүн акчаларын накталай түргө которууга уруксат берилген суммага жаңы чектөөлөр киргизилди. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, мындан ары ишкерлер өз эсебинен 3500 манаттан (1000 доллардан) ашпаган сумманы накталай түргө которо алышат. Буга чейин уруксат берилген сумма 35 000 манатты (10 000 доллар) түзгөн.

Банктардын расмий өкүлдөрү кабыл алынган чечимдин себептерин түшүндүрүшкөн жок. ММКлардын маалыматына ылайык, жаңы тартип валюта курстарындагы чыңалууну басаңдатуу максатында киргизилген.

Өткөн жылы өлкөдө ишкерлер менен жеке адамдардын валюталык операцияларды жасоосуна бир канча жолу чектөөлөр киргизилген. Ага байланыштуу чет өлкөдөн алынып келинген жана жергиликтүү өндүрүштөгү товарлардын баасы бир нече эсеге өсүп, азык-түлүк жетишсиздиги жаралган.

Өз кезегинде ишкерлер мындай чектөөлөрдөн улам ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болгондуктарын айтышууда. Түркмөнстан бийлиги болсо бизнес өкүлдөрүнө карата киргизилген чектөөлөр менен алардын улуттук экономикага тийгизген таасири тууралуу расмий маалымат бердирбестен, өлкөдө ишкерликтин өнүгүүсү үчүн «бардык шарттар» түзүлгөнүн кайталап келет.

Учурда түркмөн улуттук валютасынын АКШ долларына карата расмий курсу 3,5 манатты түзөт. «Көмүска базарда» валюталардын катышы дээрлик эки эсе жогору болуп, бир доллар 6-7 манатка сатылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: