Өзгөндөгү үйлөнүү үлпөт тойдо ок чыгарган жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, Өзгөн шаарындагы үйлөнүү үлпөт тойдо жигит “Нурик, бир тууган, бактылуу бол” деген сөздөр менен асманга ок аткан. Бул боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, той Мырза-Аке айылында 18-августта, иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, өткөрүлгөнү аныкталды.
Бул окуя боюнча Алай районунун 20 жаштагы Э. уулу К. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.
Тергөө иштери уланууда. Иш-чаранын бардык катышуучуларын жана уюштуруучуларын сурамжылоо жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ