Menu

Молдовада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өттү

Бөлүшүү:

Молдовадагы президенттик шайлоодо башкы талапкерлердин бири дагы — социалист Игорь Додон менен либерл Майя Санду — добуштардын жарымынан көбүн ала алышкан жок. Эки жумадан кийин, 13-ноябрда, шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Бул соңку 20 жылдан берки алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо болду. Буга чейин өлкө башчысы депутаттар тарабынан тандалып келген. Быйылкы шайлоодо өлкөнүн Европа биримдиги менен интеграция болушун колдогондор жана Орусия менен байланышты бекемдөөнү жактагандар ортосунда болууда.

Социалисттер партиясынын төрагасы, 41 жаштагы экономист Игор Додон молдова саясатынын учурдагы европалык багытын өзгөртүү ниети тууралуу билдирген.

Додондун негизги атаандашы – мурдагы билим министри, “Аракет жана тилектештик” партиясынын лидери Майя Санду Европа биримдигине мүчө болуу үчүн реформаларды жүзөгө ашырууну жактап келет.

Өлкө башчысы болушу ыктымал болгон үчүнчү адам ишкер Влад Плахотнюк эсептелет. Сынчылар анын молдова саясатына таасири өтө күчтүү экенин айтып келишет. 2010-2013-жылдары Плахотнюк Молдова парламентинин төрагасынын орун басары болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: