Кечээ кесипкөй мушкер Канат Ислам Алматыда ганалык Патрик Аллотейди жеңип, орто салмакта WBA Fedelatin жана WBO Intercontinental чемпиондук наамдарына ээ болду. Мушкерлер ортосундагы беттеш 12 раундга созулду.
Бул 32 жаштагы Канат Исламдын кезектеги жеңиши. Буга чейин ал 22 беттешинин 18ин нокаут менен уткан.
Упайлардын саны боюнча жеңишке жеткен Канат Ислам атаандашы жакшы даярдык менен келгенин жана бул беттеш ал үчүн чоң тыжрайба болгонун айтты.
Ушуну менен үчүнчү жолу жеңилүү ызаасын тартып жаткан ганалык мушкер Патрик Аллотей болсо Алматыдагы беттештин жыйынтыктары боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Анын машыктыруучусу калыстардын чечимин «адилетсиз» деп эсептей турганын гана айтты.
Казак улутундагы Канат Ислам алгач рингге Кытайдын, кийин Казакстандын атынан чыга баштаган. Ал 2008-жылдагы Олимп оюндарынын коло медалынын ээси, «Astana Arlans» (WSB) командасынын капитаны, Казакстандын эмгек сиңирген спорт чебери.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ