Menu

Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Эмнеге өлүм жазаны киргизүү болбой турганын баары билет”

Бөлүшүү:

– Акыркы кезде балдарга карата зордук-зомбулук күч алып, аларды уурдаган фактылар жана эң коркунучтуусу өз баласын өлтүргөн энелердин көбөйүп жатышы коомго коркунуч туудуруп жатпайбы. Балдарды атасы карабай кетип, өзү иш таба албай же жөлөк пул ала албай жашоодон чындап кыйналган жалгыз бой энелердин мындай акыбалдан чыгышына мамлекет бир чара көрүшү керек го, кандай дейсиз?
– Бул азыркы күндө эң маанилүү жана жүрөктү ооруткан көйгөйлүү маселе болуп саналат. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп, ал өлүмгө чейин алып барган фактылар көп катталып жатканы абдан өкүндүрөт. Мындай кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү зарыл. Бирок биз маселени чечүүдө анын кесепеттери менен иштебей, себептерин жок кылууга аракет жасашыбыз керек. Өзгөчө аялдардын азыр социалдык абалы өтө оор. Көп энелер балдарын жалгыз тарбиялап, психологиялык, материалдык жактан кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Көпчүлүк аталар балдарын таштап кетишет. Мына ошодой аталарга мыйзам чегинде жоопкерчилигин күчөтүү керек. Бирок кантип деген суроого жооп таба албай жатам. Ажырашуулар көп кезигип жатат. Алимент төлөгөн кезде да мыйзам чегинде көрсөтүлгөн алименттин төлөмү абдан аз. Ошондуктан мамлекеттин эң башкы максаты экономиканы көтөрүү. Бийик айлык акы аркылуу жумушчу орундары түзүлүшү керек. Түштүк Кореяда аскердик бийлик орногондо да экономиканы өнүктүрүүнү биринчи максат кылып коюшкан. Бүт көйгөйдүн артында бир гана экономиканын алсыздыгы турат. Жалгыз бой аялдарга жумушчу орундарды берүүдө өзгөчөлөнгөн шарттарды мыйзам чегинде караса болот.
– Катуу жаза деген бирөөнүн баласын уурдагандарга же педофилдерге карата таасирдүү болушу мүмкүн. Ал эми жогоруда айткан чындап жашоодон кыйналган жалгыз бой энелерди бул жаза коркута алабы?
– Туура, катуу жаза жашоодон чындап кыйналган энелерге таасирин бербеши мүмкүн. Анткени карасаңыз, жакында Кочкор районунда болгон каргашалуу окуяда эне эки кызын өлтүргөндөн кийин өзүнө кол салмак экен. Кимдир бирөөнүн кирип келиши менен ал токтоп калган деп айтылып жатат. Демек бул жерде катуу жаза да балдарынан кечкен энелерди коркута албайт деген эң чоң коркунучтуу маселе турат. Ошондуктан балдарын жалгыз багып жаткан энелерге жөлөк пул берүүдө өзгөчө көңүл буруу керек. Мындай энелерге психологиялык жактан абдан кыйын.
– Эл өкүлдөрү балдарга карата жасалган кылмыштарга катуу жаза колдонуш керек. Керек болсо өлүм жазасын киргизишибиз керек деп эле сөз жүзүндө айтып келатышат же мындан майнап чыкпагандай буга эмне себеп?
– Биздин Конституция өлүм жазасын киргизүүгө жол бербейт. Менин маалыматым боюнча кайсы бир эл аралык уюмдар Кыргызстанга карыз бергенде өлүм жазасын колдонбоо тууралуу Кыргызстан тараптан милдеттенме алышкан. Өлүм жазанын кирбей жатышынын себеби ошол. Менин оюмча эгер өлүм жазасын киргизүү мүмкүнчүлүгү болсо, мына азыркы Конституциянын өзгөртүүдө киргизиш керек эле. Ал тууралуу сөз болгон жок. Эмнеге өлүм жазаны киргизүү болбой турганын баары билет.
– Өткөн жумада кабыл алынган, Аида Салянова баштаган депутаттардын алып чыккан жашы жете элек кыздардын турмушка чыгышына каршы мыйзам долбооруна айым депутаттардын арасынан жалгыз сиз гана каршы добуш берген экенсиз, мунун себебин түшүндүрө кетсеңиз?
– Аида Салянова баштаган мыйзам долбооруна добуш берген учурда мен больничный алгам, жумушта эмес элем. Мен үчүн башка бирөө добуш берген. Бирок бул мен ордума берилген добуш чечүүчү болуп калган эмес. Баары бир мыйзам долбоору өтмөк. Бирок баары бир бул мыйзамсыз деле кылмыш жаза кодексинде зордук менен жашы жете электерди турмушка чыгууга мажбурласа, ага себепкерлер жана ошол эле молдо да камакка алынышы керек экендиги тууралуу нормалар каралган. Ал нормаларды кайталоонун кажети жок болчу. Бизде жашы жете электердин үй-бүлө куруудагы укугун коргогон мыйзамдын жоктугу эмес, ошол мыйзамдын аткарылбагандыгы болуп жатат деп ойлойм. Биз кайра-кайра окшош мыйзамдардын санын көбөйтпөй, ошол мыйзамдардын аткаруу көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылышыбыз керек. Кээ бир мыйзам долбоорлору популисттик гана мыйзам долбоорлор болуп саналат. Бизде парламентаризм жаш, мыйзам долбоорлорун терең изилдеп, 50 жылга чейин өзгөрбөгөндөй кылып иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин структурасын, мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, иштеп чыгуу процесстерине өзгөртүү киргизүү керек. Антпесек менин оюмча мыйзамдар аябай тез өзгөрүүгө дуушар болот жана туруксуздук ошондон келип чыгат.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: