Menu

Абдыкадыр эч кимди алдабаптыр

Бөлүшүү:

“Фабула пресс” газетасынын 18-октябрындагы санына жарыяланган “Абдыкадыр алдап кетти” деген маалыматты окудум. Ошол макаладан кийин кененирээк съезд боюнча токтолоюн. 2016-жылдын 14-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун IХ съезди болуп өттү. Съездди өткөрүү боюнча жыл башында уюштуруу комитети түзүлгөн болчу. Кыргызстандын бардык областтарында конференциялар болуп өтүп, съездге делегаттар шайланган. Ушундай эле чогулуштар Журналисттер союзунун мүчөлөрү бар республикалык газеталарда, маалымат агенттиктеринде да өткөрүлгөн. Бардыгы болуп съездге 145 делегаттын 109у катышты.
Съездде Журналисттер союзунун ишин жандандыруу, кесиптик этиканы сактоо жана кесиптик тилектештик, маалыматты так, туура жеткирүү, бир топтун же чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөбөө сыяктуу көйгөйлүү маселелердин тегерегинде жандуу пикир алышуулар, талкуулар болду.
Каалоочулардын бардыгына, анын ичинде делегат болбогон журналисттерге чейин сөз берилди, эч кандай чектөөлөр болгон жок, ар кимиси каалаган ойлорун айтышты.
Съезддин делегаттарынын басымдуу көпчүлүгү Журналисттер союзунун эртеңки тагдырын ойлойлу деген бүтүмгө келишип, союздун төрагалыгына кайрадан мени көрсөтүштү жана мурдагы ишмердүүлүгүм эске алынды. Кийинки жылдары уюмдун иши солгундап кеткенин өз сөзүмдө да белгилеп өттүм. Делегаттар да Журналисттер союзунун демилгелүү иштерин, эл аралык маанидеги конференция-семинарларды, чыгармачыл конкурстарды, бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүп келгендигимди да эстешти. Менин эл аралык деңгээлдеги, мамлекеттик жетекчи кызматтардагы иш тажрыйбамды, чоң уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүмдү, мындан ары союздун ишин жандандыруу боюнча максаттарымды эске алышып, дагы бир жолу ишеним артышты.
Ар бир делегат өзүнүн эрки, каалоосу менен добуштарын беришти.
Съездге даярдыктын жүрүшүндө менин көптөгөн журналисттер менен сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөргөндө, чогуу биргелешүү сунуштарын айтышкан, ага макулдуктарын да билдиришкен. Бирок айрымдарын союздун ишин жандандыруу маселеси эмес, төрагалык орун кызыктырган окшойт. Ушундан улам алар ар кандай чындыкка ылайык келбеген сөздөрдү чыгарышууда.
Журналисттер союзунун болуп өткөн съезди калемгер журтунун башын бириктирүү, кесиптик тилектештикти бекемдөө, журналисттердин укугун жана кызыкчылыгын коргоодо таасирдүү уюмга айландыруу максатын көздөгөн жана ушул иштер менин колумдан келет деп мага ишеним көрсөтүштү.

Абдыкадыр Султанбаев Журналисттер союзунун төрагасы

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: