“Азыр баары бакылдап жатпайбы революциянын атасы болуп, мына айтып калайын, баягыда айтпай калып, ошол бойдон томолонуп кетемби деп кайгырдым ачык айтканда больницадан. 2010-жылы 10-майда Нариман Түлеев контрреволюцияга чыкканда Ак үйдө, Көк үйдө бир киши жок, Ак үйдө Атамбаев гана жүрдү. Урмат деген бир көлдүк чыгып, Ак үйдү алам дегенде Ак үйдө, Көк үйдө бир киши жок, баары качып кетип. Бирок, Атамбаев жүрдү, жанына милиция кошуп алып”, – деп билдирди бүгүн, 31-октябрда Бишкекте Алмаз Атамбаев милиция кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып.
“Мен эмнеге милицияны жакшы көрөм. 2005-жылы жана 2010-жылы акмак бийликтер милицияны ортого салып койгон, элге сабатып. Керек болсо айрым милиция жигиттерибиз шейит да болуп калган. Муну азыркы кыйындар унутуп жатат. Баары жылуу-жумшак олтуруп, кыйын учурда бириси жок болучу качып кетип. Атамбаев жүргөн, сурагыла ошол кездеги милициядан. Албетте, Атамбаев Бишкекте жүргөндөй, Ошто да кээ бирлер жүргөндө Ошто да июнь окуялары болбойт беле”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ