Menu

Алмаз Атамбаев: “Революцияга чейин “эч нерсем жок, аялым багат” деп сурак берип жүргөндөр, революциядан кийин мультимиллионер болуп кетишти”

Бөлүшүү:

“2010-жылы апрелде бир топ жигиттерибиз каза болду. Ал эми кээ бирлер болсо чөнтөктөрүн толтуруп жүрүштү. Генеральный прокуратурада 6-7-апрелдин түнүндө бизди суракка алышкан, бир топ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бакылдап, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бериптир. Мен го суроого жооп бербейм дегем”, – деп билдирди бүгүн, 31-октябрда Бишкекте Алмаз Атамбаев милиция кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып.

“Аида Салянова генпрокурор болуп турганда ал сурактардын протоколдорун алыптыр. Мен ал сурактарды алдырып, өткөн жумада барактап чыктым. Бирөөсү суракта айтып жатат “мени ата-энем, балдарым, аялым багат, каражатым жок” деп. Бирөөсү “менин эч нерсем жок, аялым бир жалгыз үйүбүздү офиске ижарага берип жан багабыз” дептир, азыр алар экөөсү тең мультимиллионерлер! Анда сен эмне үчүн 7-апрелге чейин ушундай кедей болгонсун, а 7-апрелден кийин мультимиллионер болуп калдың? Булар жазасын алат. Ар бири менен чечишип алабыз. Тарых баарын жайына коёт. Биз бул ууруларга мамлекетти башкартпашыбыз керек. Кудай буйруса мындан ары мындай болбойт! Айрымдар кайгырып жатат “Атамбаев кеткенде кандай болот?” деп. Мен бир жылдан кийин кеткенде менин ордума келген адам бир жерин кысып иштебесе жаман эле болот, ачык айтайын”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: