Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынына Өзбекстандын делегациясын баштап келген өлкөнүн биринчи вице-премьери Рустам Азимов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарынын өнүгүшүн колдой турганын билдирди.
Ал Өзбекстан өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов аныктаган «өнүгүүнүн өзбек моделинин» принциптерин карманарын белгиледи. Азимовдун айтымында, ал Өзбекстанга «уланып жаткан дүйнөлүк экономикалык каатчылыкка карабастан экономикасынын 7,5 пайызга өсүүсүн камсыз кылууга» мүмкүндүк берген.
Андан соң Азимов Өзбекстан коңшу өлкөлөр менен эки тараптуу экономикалык мамилелердин өнүгүүсүнө кызыктар экенин билдирди.
«Учурда Өзбекстан өнөктөштөрү Кытай Эл республикасы жана Орусия Федерациясы, ошондой эле коңшулары Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен биргеликте соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ал маселелер боюнча өз ара пайдалуу чечимдерди табуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасоодо», — деп белгиледи ал.
Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары өлкө технологияларды модернизациялоо жолунда баратканын жана Кытай менен Орусиядан күтүлүп жаткан инвесторлорго муктаж экенин кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ