Menu

Омбудсмен суицидке каршы күн жарыялоону сунуштап жатат

Бөлүшүү:

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстанда 10-сентябрды “Суицидге каршы күн” катары мамлекеттик деңгээлде жарыялоону сунуштап жатат.

Ал өлкөдө жылдан жылга өз жанын кыйгандардын саны өскөнүнө байланыштуу ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтты.

«Биз берип жаткан сунушта бул маселенин алдын алуу боюнча алты багыт камтылган. Алар өкмөт деңгээлиндеги көзөмөл, мектептерге психологдорду тартуу, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында кризистик борборлорду ачуу, Ички иштер министрлигинин алдында Балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгын түзүү, жергиликтүү башкаруу органдарында мигранттардын, оор шарттагы үй-бүлөнүн балдары менен иштешүү жана диний уюмдарды түшүндүрүү иштерине тартуу болуп саналат», — деди Оторбаев.

Кыргызстанда жыл сайын суицидге баргандар саны 100дөн ашат. Бул абал улам өсүп баратканын Ички иштер министрлиги билдирген.

Ал эми дүйнөдө жылына 800 миңден көп адам өзүн өзү өлтүрүүдө. Жанынан аша кечкендердин көбү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер.

10-сентябрь – Суицидге каршы күрөштүн эл аралык күнү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: