Menu

Фото – Алмаз Атамбаев бүгүн айрым журналисттерге белек сааттарды тапшырып, айрымдарын акчалай сыйлыктар менен сыйлады

Бөлүшүү:

Бүгүн,  4-ноябрда, Маалымат жана басма сөз күнү алдында кесипкөй эмгеги жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн өлкөдөгү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин белек сааттарын, андан тышкары  элге алынган медиа-долбоорлордун авторлоруна акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Алмаз Атамбаев ЖМК өкүлдөрүн алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, журналисттик ишмердиктин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү маанилүү ролун баса белгиледи. «Мен сиздерди кесиптештерим деп айта алам, анткени мен сөздүн күчү менен маанисин  тереӊ түшүнөм», – деди Алмаз Атамбаев.

Кесипкөй эмгеги жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Президент Алмазбек Атамбаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын шеф-редактору Жылдыз Жумабековага, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» башкы редактору  Таалайгүл Сыдыкбековага,  Кыргыз улуттук «Кабар»маалымат агенттигинин директору  Кубанычбек Таабалдиевге, «Жаңы телевизиондук түйүн Телерадиокомпания» ЖЧКнын башкы  директору Үсөн уулу Жайнакка, «Пирамида» «МедиаХолдинг” ЖЧКнын башкы  директорунун орун басары Аскат Алагөзовго, «Бешинчи канал» ЖАКтын атайын кабарчысы, редактору Самат Качкыновго, Бишкектеги  «Канал D» телерадиокомпаниясынын редакациясы” ЖЧКнын филиалынын жетекчиси, баяндамачы Каныбек Темировго жана «ЭлТР» Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы Чолпон Кармышаковага президенттин белек сааттарын тапшырды.

Алмаз Атамбаев  ошондой эле позитивдүү жарандык позициясы менен айырмаланып,  элге алынган медиа-долбоорлордун авторлоруна  70 миӊ сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды берди.

Мындай медиа-долбоорлордун катарында: «КТРК Кербени», «Мурас» (ЭлТР), «Өзгөрүштөр доору» (5-канал), ТВ Агро («Пирамида»), «Реалдуу экономика» (НТС), «Улут уюткусу» (  «Марал» радиосу), «Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы” (АКИpress), Knews маалымат агенттигинин Saat.kg кыргызча чыгарылышы, Кыргызстанда журналисттик иликтөө жанрын өнүктүргөндүгү үчүн Дело № … газетасы, ошондой эле «Ачык саясат плюс», «Ачык сөз» гезиттери бар.

atambaev-041116-3

atambaev-041116-kanybek-temirov

atambaev-041116-nazgul-mamytova

atambaev-041116-saattar

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: