Жаңы паспорттор өз ичине бир нече документти бириктирет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.
Жарандын паспорту, айдоочулук күбөлүгү, пенсиялык китепчеси жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бир чипке бириктирилип, ал биометрикалык паспортко бекитилет.
Басма сөз катчынын айтымында, чипте жарандын катталган жери жана банк эсеби тууралуу маалыматтар да бар болот.
Жаңы паспортторду жарандарга 2017-жылдан тарта берип баштоо пландалууда.
Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ