Menu

Кудай берген адамга Кудай урган асылат

Бөлүшүү:

Жакында   «Асман   плюс»   гезитинде   жарык   көргөн   Назира   Кулболдиеванын «Идеологиялык согуш же кыргыздын 7 кемчилиги» аттуу макаладан соң мен да өз оюмду жазууну туура таптым. Ошондо Байас Турал туура айткандай эң ыйык күч – Манас аркылуу кыргызды экиге бөлгөндөрдүн артында чет элдик күчтөр тургандай туюлат. Айрыкча, азыркы учурда басма сөз беттеринде кыргыз эли үчүн зор табылга болгон Бүбү   Майрам   Муса   кызынын   10   томдук   «Айкөл   Манас»   китебин   бир   беткей   каралоо саясаты жүрүп жатат. Ар бир коомдо ар дайым жаңы жана прогрессивдүү нерсе карама-каршылык   аркылуу,   түшүнбөстүк   менен   кабыл   алынат   эмеспи.

Маселен,   Чынгыз Айтматовдун   эң   алгачкы   «Жамийла»   повести   адегенде  кыргыз   жазуучуларында   мурда болуп   көрбөгөндөй   каршылыкты   жараткан.   Кийин   анан   Мухтар   Ауэзов   аркылуу Москвадан жарык көргөн соң гана ызы-чуулуу бул чыгарманы кыргыз жазуучулары чоң ачылыш экенин түшүнүшкөн. Кубат Жусубулиевдин дагы чыгармалары адегенде коомдо түшүнбөстүктү жараткан. Ал эми азыркы күндүн жылаңач баатыры болушуп, туш келди Бүбү Майрам Муса кызын   жамандап,   ушактап,   оозго   алгыс   сөздөрдү   айтып   жаткан   уюшулган “төртөөнө” эмне демекчимин?

Дегеле,   70   жашка   таяп   калган   аял заада   кишиге   асылуу,   каралоо   мырза кишилердин аброюна аброй кошчудай эмес. Бир кезде К. Бакиевдин заманында чыккан албууттанган «обончу» айымдардын эле тас кейпиндей туюлат. Уюшулган топ «Манаска» күйсө бул улуу эпос боюнча илимий эмгектерди жаратышат эле го деген ой кетет. Чынында төртөөнүн «Манас» тууралуу 10 томдук эмес, бир   томдук   эмгектерин көрө албадык жана   ал дооматчылардын  илимий   дараметтери   өтө   тар,   ой жүгүртүүлөрү бир жактуу, маданияты пас экенин бүт окурман журту баамдап калды. «Баатырлар», чын эле «Манаска» күйсө, анда 2008-жылы К. Бакиев менен Бишкек мэри борбордук   аянтка   кыргыздын   душмандары   Коңурбай   менен   Шыпшайдарга эстелик   тургузганда   кайда   жүрүштү деп ойлойсуң, эмне   ошондо   баатыр   болушкан жок.

Ошону элге эң ириде айтып чыккан кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен манасчы Талантаалы   Бакчиев   болгон.   Ал   экөөнү   азыркы дооматчылар   «жайсаңчы»   деп   айткандары коомго жагымсыз көрүнүш.   Же болбосо,   2009-жылы   «Манас»   эпосу   Кытай   тараптан   ЮНЕСКОдон   катталганда  дооматчылар кайда эле! Эң  ириде элге тайманбай  айтып чыккан Садык Шер Нияз,    Асан Жакшылыков,   Темирбек   Токтогазиев,   Каныбек   Иманалиев,   Талантаалы   Бакчиевдер коомчулукка жар салбады беле. Неге ошондо К. Бакиевдин заманында унчукпашты? Кайда жүрдү   эле?

2010-жылдын   март   айында   К.   Бакиевдин   бийлигине   каршы   туруп Дипломатиялык   академияда   эң   алгач   «Манас»   симпозиумун   уюштуруп,   «Манас» мыйзамын   иштеп   чыгып   атканда   бу   жылаңач   баатырлар   кайда   жүрдү   болду   экен? Башкасын   билбейм,   бирок   азыркы дооматчы тарыхчылар,  анын тукумдары Бакиевдин тегерегинде, Максимдин ЦАРИИнде болгонун эл жакшы билет го. Ал   эми кийинкилердин  максаты   «Манасты»   коргоо   эмес,   эң   ириде бийликке келүү экени билинип калды. Ушул ызы-чуунун негизинде улуттук университетинин манас таануу кафедрасынын башчысы,   чыныгы   окумуштуу   Жылдыз   Орозобекованы   кызматтан   кетиришип,   өздөрү   манас таануучу болбой туруп бул кафедрага кызматка келишти.

Эми ушул төртөө «Айкөл Манас» китебинде «Жайсаң» деген сөз калмакча болгон деген ушак, жалган кепти байма-бай какшап келишет. Сөзгө конок берели. Атактуу тилчи Хусейин Карасаевдин «Өздөштүрүлгөн сөздүгүн»  карайлы (Фрунзе, 1986-ж., 103-бет.) «Жайсаң»   (монг.)   –   этн.   уруу   башчысы,   Зайсаң.   Алтымыш   жайсаң,   сан   калдай, Тегеректеп   ойноодо   («Манас»   эпосу).  Силерге   ишенебизби   же   академик   Карасаевге ишенебизби? Демек, атактуу тилчи «жайсаң» деген сөз калмак эмес, монгол сөзү деп далилдеп жатпайбы.

Ал   эми   Жайсаң     ырчы   тууралуу   айта   турган   болсок,   1995-жылы   Кыргыз Республикасынын   Улуттук   Илимдер   академиясы   тарабынан   жарык   көргөн   «Манас» энциклопедиясында эбак аныкталган (194-бет). Жайсаң – кырк чоронун бири. Үмөттүн уулу. Чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты онсегизинчи келип Жайсаң тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт. (СО, 2. 68, 93, 149,394,419,424; 3. 49,175; 4. 43). Жайсаң   ырчы   –   манасчы.   Жайсаң   ырчынын   тарыхта   болгондугу   жөнүндө маалыматтар   жок.   14-18-к.   Жайсаң   деген   ат   Юань   сулалесинин   (1260-1368) мезгилиндеги   кытайдын   «Цзайсян»   деген   титулуна   байланыштуу   пайда   болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерек 14-15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун   арасында   кеңири   таралып,   алардын   феодалдык   ак   сөөктөрүнө   да колдонула баштаган.

Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Ал   эми  белгилүү   манас   таануучу   М.   Мамыров   «Манас»   эпосунун   калыптаныш тарыхы» аттуу эмгегинде (Б., «Бийиктик», 2005, 106-б.) минтип айтат: «Б.Г.   Белинскийдин   Гомерге   берген   бул   таамай   аныктамасын   кыргыздын «Манасын»   биринчи   классикалык   баатырдык   эпос   кылып   түзгөн   Жайсанга   да толук   колдонсок   болот.   Жайсан   ошондой   баага   татыктуу   сейрек   таланттуу адамдардын   эң   ириси   экендиги   да   буга   чейин   айтылгандардан   айкындалды. Көрүнүп тургандай, «Манас», анын айтуучулары жөнүндө сөз болгондо Жайсаңдын ысмы,   анын   таланттуу   эпик-жомокчулугу   элдин   оозунан   түбөлүккө   түшпөгөн угуттуу уламышка айланган. Акыры жалпылоо катарында мына буларды бөтөнчө белгилөөгө да тийишсиз.

1. Ырамандын ырчы уулу менен Жайсаңга окшогон чоң таланттуу эпик-жомокчулар кыргыздарда классикалык баатырдык эпос түзүлүп  жаткан байыркы урукчулдук   коомдон   кулчулук   дооруна   биринен-бирине   катыша   баштаган   өтмө мезгилдерде   эле   болгондугунда.   Бири   –   Манас   менен   мезгилдеш   келген   мифтик ырчы   болсо,   экинчиси   –   ар   кыл   темадагы   мифоэпикалык   ырлардын   негизинде «Манасты»   кадимки   классикалык   эпос   кылып   түзгөн   эпик-жомокчу аталгандыгында.

2. Жайсаң   менен   Ырамандын   ырчысындай   эпик-жомокчулар   эзелки кездерде эле чыгып, чылкый ыр менен сүйлөп, жалгыз үйдүн порумун жарым күнгө ырдап   турса,  аларга   чейинки   ар   кыл   мазмундагы  мифоэпикалык   ырлардын   көп циклин   жөн   койгондо   да   Енисей   эстеликтериндеги   ташка   жазылган   уруу жол башчыларынын,   айрым   баатырлардын   канча   кол   күткөндүгү,   жоо   менен салгылашканы, канча душман жайлаганы өңдүү мактаныч эрдиктери тезис түрүндө саналышы – ошол мезгилдин ары-бери  жагында булар  оозеки санжырада тиги-бу деңгээлде кеңири иштелип калышы да толук мүмкүн. Эпостун түзүлүү мезгилинде жогорку   аталган   чоң   таланттуу   адамдарга   алардын   чыгармачылык   эргүүсүн козгогон, ага кадимки турмуштук материал болгон деп айтууга эмне үчүн болбойт? Менимче толук эле болот». Демек, Ырамандын ырчы уулу менен Жайсаң ырчы экөө бирдей улуу инсан.

Эми  сөздүн ток этер жерине келсек, силердин оюңар  боюнча кыргыздын  аттуу-баштуу   адистеринин   баары   эле   калмак   улутунан   экен.   Минтип   отурсаңар   силер   деги Кыргызстанда   кыргыз   калтырасыңарбы?   Силердин   арам   оюңар   боюнча   төмөндөгү адамдын баары калмак экен. Алар: профессор К. Исаев, профессор Ө. Осмонов, таланттуу кинорежиссер Э. Абдыжапаров, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, талантуу манас таануучу, коомдук ишмер Т. Токтогазиев, манасчы Т.Бакчиев, депутат К. Иманалиев, кыргыз жеке китеп басмасын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадин Кадыров, дагы башка ондогон инсандар. Алардын ар биринин кылган иши, кыргыз элинин алдында көтөргөн ат көтөргүс жүгү   бар.

Маселен,   аксакал   агайыбыз   Кусейин   Исаев   –   Кыргыз   эл   мугалими, Кыргызстандагы     социология   илиминин   негиздөөчүсү,   ондогон   окуу   китептердин, жүздөгөн илимий макалалардын автору, анын жетекчилиги менен бир канча кыргыздын улан-кыздары илимдин докторлору, кандидаттары болушту. Дагы   бир   инсан   Өскөн   Осмонов   акыркы   25   жылда   эч   талбай   эмгектенип,   6-класстан   10-класска   чейинки   тарых   боюнча   окуу   китептердин   автору,   мамлекеттик сыйлыктын   ээси.   «Манас»   эпосунун   тарыхый   окуялар   менен   байланышы   жөнүндө жемиштүү  эмгек   жазды.

Же  болбосо   талантуу   режиссер   Эрнест   Абдыжапаров,   анын «Айыл   өкмөтү»,   «Боз   салкын»,   «Такси   жана   телефон»   фильмдери   эл   аралык кинофестивалдарга   катышып,   байге   ээлеп   жүргөн.   Мамлекеттен   бир   тыйын   албай, «Саякбай» фильмин тартып бүттү. Манас идеясына умтулган инсан. Темирбек   Токтогазиев   «Манас»   темасын   иликтеп,   Алтай,   Кытай,   Тажикистан, Өзбекстанга чейин барып, 2-4 жыл жүрүп, Манас тарыхый инсан экендигин далилдеген кеңири   китеп   жазып,   2013-жылы   жарык   көрүп,   ал   эмгеги   азыр   окурмандардын сүймөнчүгүнө ээ. Талантаалы Бакчиев, чыныгы манасчы, илимпоз, манас темасында докторлук ишин коргойм десе, байма бай жамандап макала артынан макала жазасыңар.   Манасты   силер   ушул   манасчыдай   түшүнө   алат   бекенсиңер?

Бул   инсандар «Манастын»   атын   чыгаралы   деп   эмгектенип  келсе,   силер   «Атың  чыкпаса,   жер  өрттө» деген ниетте ызы-чуу менен өзүңөрдү даңаза кылып келесиңер. Же   болбосо,   депутат   К.   Иманалиев   эң   ириде   «Манас»   мыйзамынын   автору, «Саякбай»  китебин жазган,  «Манас тануу»  боюнча жогорку окуу жайлар  үчүн илимий китептердин демилгечиси, азыр үзүндүлөрү басма сөздө жарык көрүп жаткан «Сагынбай» китебинин   автору.

Депутат   К.   Иманалиевдин   демилгеси   менен   улуу   манасчы   Саякбай Каралаевдин   130   жылдык   мааракеси   2014-жылы   Санкт-Петербург   жана   Алматы шаарларында белгиленгендигин коомчулук жакшы билет. «Кудай   берген   кишиге   Кудай   урган   асылат»   демекчи,   Кыргыз   эл   акыны,тирүү кезинде   ырлары   легендага   айланган   Шайлообек   Дүйшеевге   асылып,   каралаган   Аскар Медетов деген адабиятчыга  эмне айтмакчымын,  сенин  жазган ушак-айың   макалаларың ушак менен кошо кетет, Шайлообек Дүйшеевдин ырлары элдин жүрөгүндө калат. Таз жору эч  убакта бүркүт   көргөн  бийиктикти  көрө   албайт.

Эшек эч  убакта  күлүк   сыяктуу  элге сүймөнчүк боло албайт, ошол сыңары Аскар Медетов эч убакта Ш. Дүйшеев боло албайт. Деги эле, «самагановчулардын» артында  акча  берип  көкүткөн чет элдик күчтөр турган жокпу. Сөзүмдүн   соңунда,   жазучуу   Абдымамбет   Сариев   айткандай   «самагановчуларга» айтаарым, кимдир бирөөдө жеке өчүңөр болсо, «Манасты» жамынбагыла. Ыйык Манасты кара ниеттик менен пайдаланбагыла. Аруу нерсени кир нерсеге, ыйык дүйнөнү өзүңөрдүн былык   ишиңерге   аралаштырбагыла.   «Манас»   бизди   кыркка   бөлүнсүн   деп   эмес, бириктирип бир эл болсун деп жаралган. А силер, Манастын элин, кыргыз элин кыркка бөлгөнүңөр жакшы жорук эмес. Өткөндө манасчы Рыспай Исаков мындай бир дурус кеп айтты: «Түштүктөн мыкты инсан чыкса эле, аны «сарт» деп жамандашат, түндүктөн чыкса «калмак» деп жамандашат». Чынында эле ошондой.   Көрө  албастык   баарыбызды  көргө айдап бараткандай. Бирөөнү жамандап, каралоо үчүн чоң билимдин, акыл-нарктын кереги жок. Адамды тирүүсүндө баалабай, кадырын билбей, оо дүйнөгө узаганда гана жакшы сөз айтып эскерип калабыз.

Биз тарыхтан качан сабак алабыз? Үч-төрт   жылдан   бери   ызы-чуу   салып   келе   жаткан дооматчылардан даанышмандык   кеп   уга   албадык.   Кыргызда   эркек   адам   аял   кишини   жамандап   жатып баатыр болуп, атак-даңкка жетишкен эмес. Чыныгы атак-даңк мээнет менен гана келет. Ыр жазып даңк алам  десеңер,  Ш.  Дүйшеевдей жазгыла, илимден кадыр күтөм десеңер, К.Исаев,   Ө.   Осмонов   сыяктуу   олуттуу   терең   ишке   өтүшсө,   «Манаска»   берилип,   терең иликтейли   десе,   анда   Т.  Токтогазиев   менен   Т.  Бакчиев   сыяктуу   маңдай   тер   төгүп издешсе,   манасчылардын   атын   чыгаралы   десе,  эмгек  кылып   китептерди  жазышса болмок. Болбосо, тизгинди тартуу керек.   Эми   келечекте   «Айкөл   Манас»   дастаны   окулабы,   окулбайбы,   аны   төрт адамдан турган уюшулган топ чечпейт, кыргыз эли өзү аңдап билип алат. «Манас» ааламы алар ойлоп тапкан  эрежеге  баш   ийбейт.  Ал   чалкып   жаткан   деңиз   эмеспи.   Деңиздин   толкуну   кир, ыплас нерсени жээгинен сүрүп, таштап салат, керектүүсүн өзүнө сиңирип алат.

З. Абылай тегин – коомдук ишмер

Булак: Асман плюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: