Menu

Орусия менен Түркия аскердик кызматташтыкты калыбына келтирет

Бөлүшүү:

Орусиялык расмий адамдар билдиришкендей, Орусия менен Түркия аскердик кызматташтыкты калыбына келтирип, жыл соңуна чейин өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусун өткөрүүнү пландап жатышат. Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Александр Фомин учурда жолугушууну качан жана кайсыл жерде өткөрүү маселеси талкууланып жатканын айтты.

Анын билдиришинче, комиссия НАТОго мүчө болгон Түркияга Орусиянын өндүрүшүндөгү абадан коргонуу системаларын жөнөтүү маселесин да карашы мүмкүн.

Түркия бийлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн башкы штабынын башчысы Хулуси Акара 1-ноябрда Москвага болгон сапары маалында орусиялык кесиптеши Валерий Герасимов менен жолугуп, Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү боюнча аскердик кызматташтыкка баруу ыктымалдыгын талкуулаган.

Анкара менен Москванын мамилеси 2015-жылдын октябрында Түркия-Сирия чек арасында түрк аскерлери тарабынан орусиялык аскер учагы атылып түшүрүлгөндөн кийин начарлап кеткен. Бирок ортодогу алака түрк аскерлеринин тобу өлкө президенти Реджеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн кулатуу аракетин көргөндөн кийин калыбына келген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: