Menu

Дастан Бекешев, депутат: “Көп жарандар факсимилдик кол коюуну мыйзамдаштыруу, сурдокотормо менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылууда”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети майыптыгы бар адамдарга бир катар жеӊилдиктер каралган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар Д.Бекешев, К.Иманалиев, Э.Сурабалдиева, Ж.Акаев, С.Шер-Нияз.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй негизги жоболор камтылган:

1) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына шайкеш келген бир катар аныктамалар киргизилет;

2) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” жана “Майыптыгы бар адам” деген аныктамалардын чектелишине байланыштуу бир катар мыйзамдарга “майып” деген сөздү алмаштырган “майыптыгы бар адам” деген сөз айкалышы боюнча түзөтүүлөр киргизилет;

3) колдорунун учтарында жана көрүү сезимдеринин көйгөйлөрү болгон адамдардын ар кандай документтерге факсимилдик кол тамгасын өз алдынча коюу укугу белгиленет;

4) угуу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга ар кандай чөйрөлөрдө сурдотилмечке укугу кепилденет, ошондой эле сурдотилмечтердин статусу аныкталат;

5) “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекет тарабынан окуу куралдарын чыгарууну камсыздоого багытталган түзөтүүлөр киргизилет.

Депутат Дастан Бекешев өлкө аймагында факсимилди киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар документтерге кол коюу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Алар факсимилдик кол коюуну мыйзамдаштыруу, сурдокотормо менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылууда. Жаштардын сурдокотормо адистигине кызыгуусу аз. Ошондуктан, мамлекет аларга колдоо көрсөтүшү зарыл”, – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: