Menu

Тажик парламенти президентке акарат келтиргендерди жазалоону жактырды

Бөлүшүү:

Тажикстан парламентинин депутаттары 8-ноябрда Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Ага ылайык, “Тынчтык жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улут лидерине” акарат келтирип же жалаа жапкандар жоопко тартылат. Мындай титулга өлкөнүн азыркы президенти  Эмомали Рахмон эгедер.

Улут лидерине эл алдында акарат келтиргендер беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Президент аппаратын жана парламенттин мыйзамдуулук боюнча комитетин жетектеген өлкө башчынын кызы Озода Рахмондун билдиришинче, Интернетти, анын ичинде социалдык түйүндөрдү жана ММКларды колдонуу менен журт башчысына шек келтиргендер дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

64 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келет. Өткөн ай соңунда конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, өлкө президенти эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: