Menu

Рак дартын мыйзамсыз дарылаган табыпка кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Zanoza.kg сайты табып Ашым Зайналиев Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда жеке медициналык борбор ачып, анда рак илдетинин акыркы стадиясына жетип калгандарды ыңгайсыз, ыплас жерде, өзүм билемдик менен дарылап жаткандыгы, ага Бишкек шаардык ИИБдегилер кылмыш ишин козгобой, мыйзам бузулган жок деп айтканы тууралуу жазып чыккан. Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевге табыпчылык кылууга лицензия берилбегенин, анын медициналык билими жок экенин жана мыйзамсыз дарылап жатканын билдирген. Кийинчерээк Бишкек ШИИБи А. Зайналиевге кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Медборбордо дарылануудан кийин каза болгондордун жакындары, андагы жагымсыз жагдайлар туурасында айтып беришкен.

“Табып жатынга мык каккандай кылып ийне саят”
Александра (аты-жөнү өзгөртүлгөн) мындай деген:
-2005-жылы апам жатын моюнчасынын рак илдетине кабылып, операция жасалып, химиотерапиядан өтүп, баары эле өз шарты менен жүргөн. Бирок 2015-жылы куймулчак жагы ооруп калды. Биз бул дагы онкологиялык дарт деп ойлогон эмеспиз. Ал учурда мен шаарда эмес болчумун. Апам өзү доктурларга барса, дагы рак дарты чыкканы белгилүү болот. Врач дарт өтүшүп, рактын төртүнчү стадиясына жетип калганын айтат. Муну апабызга айткан жокпуз, ал эми апамдын баракчасында 2005-жылдагы жазылгандар эле калган. Врачтар апамдын көп болсо бир жылдай өмүрү калганын эскертишкен. Айлабыз кетип, жок дегенде ошол кыска убакка жашап берсин деп, химиотерапияны ай сайын жасатып жүрдүк. Март айында анын бөйрөгүн дарт чалып, заара ушата албай калды. Апама дагы бир жолу операция жасалып, бөтөлкө байланып калды, дагы химиотерапия алып, абалы начарлай берди. 75 килограмм эле, 55 килограмм болуп арыктап кетти. Ушул жылдын июнь айында Онкология борборунан апамды чыгарып алдык. Врачтар эми жакшылап үйдөн багып тургула, башка айла жок дешкен.
Ооруканага апам жаратын таңдырганы барып жүрүп, мурда бир палатада жаткан аялды жолуктуруп калат. Ал аял бир табыпты тапканын жана ал бир айдан бери жакшы жардам берип, өзүн жакшы сезип калганын айтыптыр. Апам ал учурда түнкүсүн уктай албай, кетонал ичип, кээде ал да жардам бербей калган. Баары бир үмүт деген өчпөйт да, апам ооруканага жаткыргыла дей берди. Мен ал учурда чет өлкөдө элем, иним апама бир жакшы клиника тапканын жазды. Ал жакта дарылануу күнүгө эки миң сомдон экен. Мен акча салдым, апам ал жакта 20 күндөй жатты. Андан кийин келинибиз чалып, апам дагы эле жаман болуп жатканын жазды. Мен келгенде эле ал клиникага бардым. Бул клиника эмес эле, жаңы конуштагы бир үй экен. Ичине, палата дегендерине кирсем, муздаткычы же бир нерсеси жок, жөн эле жер экен. Бөлмөдөгү чымындардын көбүн айтпа.
Апамды карасам, абалы абдан жаман болуп калыптыр. Мен кетээрде оңолуп калган да. Ал эми азыр тура албай, заара ушата албай калыптыр. Врач деген кишиси келсе, оозуму ачып, эмне кылаарымды билбей калдым. Халаты да жок, башында эчтекеси жок, бутунда носкийи жок, тапичкени илип алыптыр, айтор кебетеси бир шумдук. Иниме чалып, апамды каякка жаткырганын айтып, буркурап кеттим. Ошол учурда апам мени аспапты дезинфекциялап бер деп калды. Ал аспапты жатынына салат экен. Аспапты жарым саат кайнатыш керек, ал эми аны тигилер өздөрү тамак ичкен жерге алып барыш керек. Мындай болбош керек эле деген дооматты айтсам, апамдын кулагынын сыртынан кеткен. Ошентип, аспапты кайнаткандан кийин да спирт менен сүртүп чыктым. Табып процедурасын гинекологиялык столдо эмес, палата деп атаган жеринде жасайт экен. Полиэтилен пакеттерин салып коюп, үстүнө аспаптарын тизип койду. Ал кадимки кайнак сууга сода кошуп, жатынды тазалай баштады. Алгач анчалык деле оорубаса, табып Зайналиев жатынга укол жасаганда, шприц жатындын ичине кирбей, ал медициналык кайчыны алып, балка менен мыкты уруп жаткансып, ургулап кирди. Эл мына ушунусунун баарына чыдай берет экен.
Мен ал жерде экенимде эч ким каза болгон жок, бирок жатынга ийне сайганда бир аял эс-учун жоготконун көрдүм. Ал дааратканага бара жатып, эки жолу эс-учун жоготту. Ал эмне ийне сайып жатканын билбейм, бирок сайган ийнесинен кийин пациенттери 30-40 мүнөт калчылдап, андан кийин көл-шал болуп тердеп жатканын көрдүм. Пациенттер үч сааттан кийин гана өзүнө келип жатышты. Зайналиев мындай ийнесин “алтын ийне” деппи, иши кылып бир атын айтып жатты. Менин көзүмчө ал үч жолу ушундай ийне сайды. Бир эркек тамагындагы жараты менен ачык эле жүрдү. Уктаганда ал кандайдыр бир үн чыгарып жатты. Ошол эле күнү апамды ал жактан чыгарып кетейин дедим. Бул киши врачка окшош эместигин, бул жактагы шартты айттым. Мындагы керебеттер илгерки, оорулуулар тамакты өздөрү алып келишет экен. 35-40 градус ысыкта палатада дарбыз-коону, бардык тамак-ашы аралашып жатат. Ар бир палатада 7-8ден оорулуу болсо, аларды карагандар да ошончо киши.
Апам кеткиси келбей турду. Мен Зайналиевден апамдын ден соолугу кандай десем, “Анын өзүнөн сурабайсыңбы, бир гана кудайдын айтканы менен болот” дейт. Андан дагы менин таң калганым табып бир жолу эле кие турган резина колкабын такыр алмаштырган жок. Ал палатадагы 8 аялды бир эле резина колкабы менен карады. Анын тундурмасы- календула, ромашка жана кандайдыр дарактардын кабыгынын кайнатмасы экен. Ал эми анын капельницасы кадимки эле пластмасса бөтөлкөдөн. Бөтөлкөгө календула тундурмасын куюп, ошону бөтөлкөнүн оозунан шимирип ичишет экен. Эртең менен календуланын тундурмасын ичип, андан кийин Зайналиев жатынды сода кошулган суу жана деңиз суусу менен тазалайт экен. Анан ал табып сөрөй апам 20 күн ал жакта жаткандан кийин онколог-врачтар эшектер экен, алар операциядан кийин тигишти туура эмес салып, ал жерге чейин жете албай, дарылоо майнапсыз болуп жатканын айтты. Онкологиядан теринин ошол жерин кестирип келгиле дейт. Мен унчукккан жокмун. Анткени апамды операцияга алып барабыз деп, ал жерден алып кетели деп жаткан болчубуз.
Дагы бир аялды онкологиядан ушул жакка жиберишиптир.Ал эми Зайналиев болсо онкологияга барса, жатынды алып, пайдасыз химияны жасай беришет деп айтыптыр. Ал апама дагы онкологиядан химия жасай берип, жатындын баарын сөөккө жеткире куйкалап салышыптыр десе, апам ага ишенип алыптыр. Эртеси Зайналиев дагы жатындын терисинин бир жерин кестирип келгиле деди. “Мына бул, бул жерлерин” дегенде, мен чыдабай кетип, “Сиз дарыгерсиз да, аны врачтарга түшүнүктүү болгондой айтып бериңиз” деп айттым. Ал кайра мага “Сен эмне, келесоосуңбу, врачтарга деле так ушу жерлерди көрсөтүп бересиң” дейт. Мен ага “Байкап сүйлөңүз, мен келесоо эмесмин, мен ооруган апамды карап жүрөм” десем, ал кыргызчалап “энеңди..” деп сөккөндө, мен милицияны чакырдым. Участкалык милиция келип “Сиз дагы эле жаңжал чыгарып жатасызбы? Эми эмне болуп кетти? Эки күн мурун келип, уруш чыгарбагыла деп кетпедим беле?” дейт. Бул учурда оорулуулар жана алардын жакындары келип, “Апаңды жана арызыңды алып кетпесең, сага бирди көрсөтөбүз” дешти. Аны “алдамчы эмчи-домчу” деп айтканың үчүн кечирим сурагын деп жыйырмадай киши кыйкырып, мени тегеректеп алышты. Мен анан тосмо арыз жазууга аргасыз болдум. Милиция кызматкерлери келип, бөлмөлөрдү кыдырганда, Зайналиев аларга да насаатын окуп, кудай тууралуу айтып кирди. Алар такыр унчугушкан жок. Апам ал жакта 22-23 күн жатты, биз 25 күнгө деп 25 миң төлөгөнбүз. Калган күндөрүнүн айырмасын бизге кайрып берген жок. Албетте, ал жактан биз апамды чыгарып кеттик.
Үйгө келгенде апам бизге ал табып анестезиясы жок эле жатындын бир жерин кесип салганын айтты. Мен андан лицензиясы же медициналык билими барбы деп сурасам, мага “жок” деп жооп берген. Ал эми ал клиниканын бир кызматкери лицензиясы же медициналык билими жок жер жакпаса, апаңды унчукпай эле алып кете бер деп айткан. Участкалык милиционер да анын лицензиясы жок экенин билет экен. Ал табыптан дарыланып, айыгып калдым дегем бир аял тундурма алып кетчү экен, ал кошулуп Зайналиевди жактап кирди. Ал жерде жаткан оорулуулар тиги табыпты “врач” деп чакырышып, “таксыр” деп кайрылышат. Бул “таксыр” деген сөзү молдо дегендей эле сөз экен. Мындай айтканда оорулуулар аны кудайындай эле көрүшөт экен. Ал табып алардын баарынын башын айлантып коюптур. Ал турсун менин апам мага “Кет, сен келип, баарын бузуп салдың. Бул мени айыктырмак” деп айтты. Зайналиев апама кызың болбогондо, мен операцияны өзүм эле жасап салмакмын дептир.

Ошентип, менин апам көз жумуп кетти…
Айтмакчы, ушул жылдын 5-июлунда Көк-Жар жаңы конушунан 56 жаштагы аялдын каза болгонун “Тез жардам” аныктаган. Бул иш боюнча Бишкек шаардык департаменти жана Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүп жатат. Аял жогорудагы жеке медициналык борбордогу табыптан дарыланган, ал эмчегинен 4-стадиядагы рак дарты менен ооруган, ага онкологиядан мастоэктомия операциясы жасалып, эмчеги алынып коюлган.

Медициналык билими жок, лицензиясы жок табып жазаланат
Бишкек шаардык ИИБ кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, анткени укук коргоо органдарынын айтымында, анын лицензиясы болгон. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги элдик табыпчылык менен алектенүүгө бир да лицензия берилбегенин айтышат. Министрлик ошондой эле Ашым Зайналиевдин медициналык билими жок, табыпчылык кылууга уруксаты жок жана оор абалдагы онкологиялык оорулууларды мыйзамсыз дарылап, аларга ар кандай тундурма берип, көз каранды кылып алган болуш керек деп божомолдошот. Ашым Зайналиевдин өзү редакцияга лицензиясы жана медициналык билими жок экенин айткан.

Тамара (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу аял ошол эле табып Ашым Зайналиев тууралуу буларды айтып берген:
“Ал жатынга ийне сайганда, аялдар ооруганына чыдабай кыйкырышат”
-Биз жакында 55 жаштагы агабызды жерге бердик. Ал өпкөсүнөн рак илдетине чалдыгып, акыркы стадиясына жетип калган. Врачтар ага жакындары менен коштошуп, акыркы иштерин жасап алсын дешкен. Бирок орто жерден Ашым Зайналиев деген табып чыга калды. Ал табыпка абдан ишенип алып, анын тундурмаларын ичип жүрдү. Эртең менен таттуу тундурмасын, кечинде ачуусун ичип жүрдү. Табыпка ал туура эки ай барды. Ошентип биз менен коштошууга да, бүтпөгөн иштерин бүтүрүп алууга да үлгүрбөй калды. Анын үй-бүлөсү Россияда болчу, алар келебиз десе да “Табып мени айыгасың деди, демек үмүт бар, мен өзүм силерге барам” деп ишенип жүрө берди.
Ошентип жатып ал уулу менен да, небереси менен да коштошо албай кетти…
Акырында Бишкек шаардык ИИБ тарабынан мыйзамсыз дарылаган табып Ашым Зайналиевге КР Кылмыш Кодексинин 122- беренеси менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду.

Zanoza.kg сайтынын материалы боюнча даярдалды

Булак: ПолитКлиника 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: