Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 276 добушун топтоп, АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын 270 добушуна ээ болушу керек болчу.
Огайо, Флорида жана Түндүк Каролина сыяктуу маанилүү штаттарда жеңишке жетүү менен Трамп шайлоочулар коллегиясынын 215 добушун алган Демократиялык партиядан талапкери Хиллари Клинтондон алдыга чыга алды. Бир нече штатта добуштарды эсептөө дагы деле уланууда.
Трамп Республикалык партиянын Нью-Йорктогу кеңсесине чогулган тарапташтарынын алдында сөз сүйлөдү. Хиллари Клинтон телефон аркылуу Трамп менен байланышып, аны жеңиши менен куттуктоого жетишти. Демократиялык партиянын шайлоо штабынын башчысы Жон Подеста Клинтон бүгүн эл алдына чыкпастыгын билдирди.
Дональд Трамп 70 жашта. Ал – ири бизнесмен, Trump Organization курулуш конгломератынын президенти, оюн-зоок жана мейманкана бизнеси менен алектенген Trump Entertainment Resorts компаниясынын негиздөөчүсү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ