Menu

Алмаз Атамбаев Дональд Трампты АКШ Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толгон жылы Сизди куттуктоо мен үчүн өзгөчө жагымдуу. Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаттары достук мамилелерди жана өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөнү мындан ары да улантарына ишеним билдирем.

Сиздин жогорку мамлекеттик кызматта  иштегениңиз кыргыз-америкалык ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде демократиялык өнүгүү чөйрөсүндө да кызматташтыкты кеңейтип, азыркы кездин глобалдуу чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип каршы турууга өбөлгө болооруна ишенем», – деп белгиленет куттуктоо телеграммада.

Мамлекет башчысы Дональд Трампка бакубатчылык, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Американын биз менен дос элине  – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: