Menu

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев кечээ, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык:

Осмоналиев Акылбек Шарипович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министри болуп дайындалды;

Абдылдаев Эрлан Бекешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

Исраилов Улан Джумабекович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

Ахметов Уран Тулондиевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

Кожошев Арзыбек Орозбекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

Калилов Жамшитбек  Казакбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри болуп дайындалды;

Боронов Кубатбек Айылчиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

Казаков Тугелбай Токтогулович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

Исакунова Таалайкул Базаркуловна  Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды;

Сегизбаев Абдил Кенешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Шаршембиев Бакыт Нурджанович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

11-ноябрь, 2016-жыл

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: