Menu

Батыш ММКлары: “Орусиячыл талапкер Игорь Додондун Молдавиядагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүүсү Европа биримдиги үчүн “коркунуч сигналы”

Бөлүшүү:

Орусиячыл талапкердин Молдавиядагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүүсү Европа биримдиги үчүн “коркунуч сигналы” болуп эсептелет. Бул тууралуу румын гезити “Ромыния Либерэ” жазып чыкты.

Молдавиялыктар Европа биримдиги менен жакындашуу боюнча акыркы жети жылдан бери жүрүп жаткан реформанын алдыга жылуусуна жолтоо болууну чечишти деп айтылат маекте.

Британиялык “Дейли Мейл” белгилегендей, Игорь Додон Европа биримдигине караганда Орусия менен кызматташууга көбүрөөк артыкчылык берерин айткан. Бул Молдавиянын азыркы өкмөтүнүн саясатына караманча каршы келет.

Франциядагы “Монд” гезитинин жазганына караганда, Москва Молдавиянын жикчил аймагы Приднестровьеде өз таасирин сактап калуу үчүн биртоп күчүн жумшады. Орусия бул таасирин ири каражат жумшабай эле бүтүндөй Молдавияга жайылтуу ниетинде.

Молдавияда 13-ноябрда президенттик шайлоо өттү. Анда социалист Игорб Додон оңчул либерал талапкер Майя Сандуну утуп, жеңишке жетишти. Добуш берүү тилкелерине жарандардын 53 пайызы келишти, бул бир жарым миллион адам. Рекорддук жигердүүлүктү чет өлкөдө жашаган атуулдар көрсөтүп, 130 адам добуш берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: