Menu

Өкмөткө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш Бишкек шаарын жарыктандыруу тутумун модернизациялоо боюнча долбоорду карады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Координациялык кеңеш 2 маселени, тактап айтканда, суммасы 11,1 млн АКШ доллары эсептелген Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Бишкек шаарын жарыктандыруу тутумун модернизациялоо» долбоорун жана «2017-2019-жылдарга өлкө боюнча Азия өнүктүрүү банкынын операцияларынын бизнес-планын» карады.

«Бишкек шаарын жарыктандыруу тутумун модернизациялоо» долбоору боюнча маалыматты  Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов сунуштады. Аталган долбоор муниципалитет тараптан көрсөтүлгөн тейлөөлөр сапатын жакшыртууга, электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган.

«Учурда борборду жарыктандыруу тутуму үнөмдүү болбостон, модернизациялоону талап кылууда. Совет мезгилинде орнотулган 50 миң жарыктандыруу түйүнүнүн болгону 24.5 миң түйүнү иштеп жатат. Аталган долбоорду ишке ашырууда электр энергиясын пайдаланууну жана электр түйүндөрүнө келтирилген жүктөмдү 50 % кыскартууга мүмкүндүк берилет», – деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Долбоор Өкмөткө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан каралды. Андан соң аталган долбоор ички мамлекеттик процедуралардан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинде ратификациядан өткөрүлүшү керек.

Экинчи маселе катары «2017-2019-жылдарга өлкө боюнча Азия өнүктүрүү банкынын операцияларынын бизнес-планы» каралды. Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, быйылкы жылы АӨБ менен биздин мамлекеттин үч жылдык өнөктөштүк Стратегиясынын ишке ашырылышы жыйынтыкталат.

«2017-2019-жылдарга өлкө боюнча Азия өнүктүрүү банкынын операцияларынын бизнес-планын» ишке ашыруу республиканын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталып, экономиканын энергетика, айыл чарба, билим берүү, транспорт, мамлекеттик башкаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология тармактарын өнүктүрүүнү көздөйт.

Аталган долбоорду талкуулоо жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү Финансы министри Адылбек Касымалиев тарабынан сунушталган маалыматты эске алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: