Кечээ, 14-ноябрда Алмаз Атамбаев менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев атамекенчи депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовду каралоочу документтерди элге жарыялашты. Ал документтер боюнча аты аталган 3 депутат Мегаком мобилдик байланыш компаниясын коррупциялык жол менен менчиктештирүү аракетин жасашкан деп айыпталат жана аларды камакка алууга негиз берет. Бирок айыпталган депутаттар жана эксперттер ал документтер жасалма документтер экендигин белгилешүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ