Menu

Ташкент менен Дүйшөмбү гидроэнергетика жана чек ара маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Тажикстан чыр-чатактуу тилкелер боюнча сүйлөшүп, чек араларды укуктук негизде каттоого тиешелүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМи 20-ноябрда билдирди.

Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 15-18-ноябрь аралыгында Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен жолукту. Сүйлөшүүгө тажик тараптан энергетика жана суу ресурстары министринин орун басары Султон Рахимзода жана тышкы иштер министринин орун басары Махмадшариф Хакдод катышты.

Жолугушууда тараптар тажик-өзбек мамилелери боюнча пикир алмашып, Борбор Азия аймагында суу-энергетикалык ресурстарды туура пайдалануу, мамлекеттер аралык чек арадагы делимитация жана демаркация маселелерин талкуулашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: