“БШКда шайлоого катышып жаткан партиялардын каржылоо жагын көзөмөлдөөчү топ түзүлдү. Аны КСДП партиясынын каржылоого жоопкер айымдын баласы жетектейт”, – деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бир Адил Турдукулов.
“Быйыл жайында, 17-июнда СДПК фракциясы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө эч кимге белгисиз Адилет Сатыгуловду шайлаган. Адатта БШКнын мүчөлүгүнө ар түрдүү тармактардагы белгилүү инсандар көрсөтүлөт. БШК мүчөлүгүнө жаңы шайланган Адилет Сатыгуловдун мекенибиз алдында сиңирген эмгеги – анын апасы Надира Сатыгул кызы Алмаз Атамбаевдин жеке менчик ишканасында секретарша болуп иштегендиги экен. Эми Адилет Сатыгуловду СДПК шайлоого катышкан партиялардын каржыларын көзөмөлдөөчү топтун жетекчилигине дайындатты. Ал өз кызматын аша чапкандык менен пайдаланып, бүт шайлоого катышып жаткан партияларды ийне-жибине чейин текшерип, КСДП партиясына гана көз жумдуу мамиле жасап жатат. Баарынан кызыгы анын апасы Надира БШКда СДПК партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү болуп катталган. Ошондо баласы апасын текшереби? Калыстыкка ким ишенет? “, – деди Адил Турдукулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ