Menu

НурдинАбдылдаев: Мэрия жана шаардын тейлөө кызматтары кышка даярдыгы жок экендигин көрсөтүштү

Бөлүшүү:

“Ушул күндөрдө  суук түшүп, кар калың жаай тургандыгы көптөн бери белгилүү болгон. Ал эми биздин муниципалитет үчүн бул кыш дагы “күтүүсүз” келди. Деги эле, норманын чегиндеги бардык аба ырайынын өзгөрүшү (кар жааса, шамал болсо, нөшөр төксө) Бишкектин коммуналдык тейлөө кызматтары менен чоң машакаттуу ишке айланууда”, – деген оюн билдирди Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Нурдин Абдылдаев.

Мэриянын тастыктоосу боюнча, “Тазалык” жана “Зеленострой” сутка бою иш алып барууда, бирок алардын ишинин жыйынтыгы сезилээрлик эмес. Социалдык тармактарда онлайн-ММКда кардын калыңдыгын көтөрө албай сынган бактар, чоң бутактар, тазаланбаган тротуарлардын сүрөттөрү толуп чыкты. Тайгалактан жыгылып жабыркаган шаардыктардын саны саат санап өсүүдө. Мындан тышкары, жолдорго коюлган “жатма полицейский” аталышындагы тосмолорду орнотуп, кайрадан массалык түрдө алуудан шаар бюджети канча каражат жоготту?”, – деген суроону “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү Нурдин Абдылдаев.

Нурдин Абдылдаевдин белгилөөсүндө, чоң шаардын коммуналдык чарбасы – стратегиялык пландоо жана эффективдүү менеджменттин негизинде ишке ашуучу иш-аракеттердин негизинде жөнгө салынуучу тармак болушу керек. «Жааган карды күрөө менен тротуар, жолдорго кум себүү сыяктуу жөнөкөй иш-чараларды уюштурууда ачыктык менен аткарылган иштердин жыйынтыгын талап кылуу сыяктуу кадимки эки шарт жетиштүү. Бюджеттеги ачыктыкка жетишүү менен шаар казынасын талап-тоноо, шаар үчүн пайдасыз чечимдерди кабыл алуулар азаймак. Бишкек шаардык комитетинин курамында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы  шаар бийлигинен ачык иштөөнү талап кылат», – деп ишендирет Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: