Menu

Ким Чен Ын Трампты “тыраӊдаба” деди

Бөлүшүү:

Аалам аӊтар-теӊтер абалга кептелип баратат. Айталы, сентябрь айынын башында Түндүк Корея жер алдында суутек бомбасын сынаган. Бул бомба АКШ Жапониянын Хиросима шаарына 1945-жылы таштаган атомдук бомбадан 16 эсе чоң деп кабарланган.

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө АКШ жана анын шериктерине чындап коркунуч жаратса, Түндүк Кореяны толугу менен жок кылууну убада кылган. Өз учурунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын президент Трамптын бул сөзүнүн кесепети оор болоорун эскертти. Ал ортодо Орусиянын  тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Түндүк Кореяга чабуул коё албастыгын, буга расмий Пхеньяндын ядролук куралы себеп экенин билдирди. Ал Орусиянын НТВ телеканалында 24 –  сентябрда обого чыккан маегинде америкалыктар Түндүк Кореяда өзөктүк бомба бар экенин так билерин айтты. “Мен Түндүк Кореяны коргогон жокмун. Мен болгону мындай анализге дээрлик бардык тарап макул экенин гана айтып жатам”,- деди Лавров. Кыскасы, ааламдын бул эки  мамлекети тынчыбаса алдыда кооптуу мезгил күтүп турганы анык.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: