Menu

№12, “Өнүгүү-Прогресс”: Шаардагы бак-дарактар кардын калыңдыгынан эмес, аларды сугаруу системасынын бузуктугунан сынды

Бөлүшүү:

«Бишкек мэриясы дагы бак-дарактар кардын калыңдыгынан эмес, алар куурап калгандыгына байланыштуу сынып, кулап жаткандыгын мойнуна алды. Сугаруу системасынын татыктуу иштебегендигинен бак-дарактар кулап, шаардын “жашыл” фонду азайып, андан тышкары адамдар, автоунаалар дагы жабыркап жатышат», – деп белгиледи Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Рысбай Аматов.

 Рысбай Аматовдун айтуусунда, бул маселе шаар бийлиги үчүн жаңылык деле эмес. 2014-жылы Бишкек шаарынын “Ачык мүмкүнчүлүктөгү шаар” социалдык-экономикалык  өнүгүү Программасында туура эмес курулуштардын айынан шаардын ирригациялык системасы бузулгандыгы жана аны ремонттоо, кайра калыптандыруу иштерине каражат бөлүнбөй жаткандыгы ачыкталган.

«Шаардын сугаруу системасына ушул тапта “Зеленостройдо” иштеген 4 гана адам жоопкер. Аталган кызматтагылардын колунда шаарды сугаруу кандай жүргүзүлөөрү тууралуу карта дагы, сугарылып жаткан жердин аянты, дареги жана шаарга агып кирген суунун көлөму туралуу так маалымат жок. Мындай системаны башынан жаңылап иштеп чыгуу керек дейт», – Рысбай Аматов.

“Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү шаар бийлигинин сугаруу иштерине шалаакы мамилеси көптөгөн адам курмандыктарына, финансылык жоготууларга алып келээрин эскертет.

«Советтик мезгилде бул тармакты тейлеген кызматкерлердин саны 100гө жеткен. Ар бири өзүнө бөлүнгөн шаар аймагына жооп берип, натыйжалуу иш алып барышкан. Ал структура кийинчерээк жоюлуп, “Зеленостройдун” курамына киргизилген. Жыйынтыгында шаарды сугаруу системасына эч ким жоопкер эмес. “Тазалык” тазалайт, “Зеленострой” бак-дарактарды кыркат, ал эми бак-дарактарды сугаруу, жашылдандыруу, аларды көбөйтүү маселелери унутта калган», – дейт Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: