Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигин Бактыбек Шамкеев деген эргул жетектеп олтурат. Бюджеттен алган айлыгы 107 миң сом. Муну биз оюбуздан чыгарган жокпуз. Жогорку Кеңештин кайсы бир комитет жыйынында айлыгы тууралуу сураган депутатка Шамкеев өзү шардана кылып: «Менин айлыгым 107 миң сом. Мен үчүн 107 миң сом айлык алуу уят эмес. Себеби мен мамлекетке ошончо иштеп берем, менин тажрыйбам ушул айлыкка ылайыктуу» деп айткан жайы бар. Мейли дейли. Бирок, Бактыбек мырза кандай кыйраткан иштерди жасап жатканын айтып койбойбу. Айтмакчы, кайсыл тармакта иштеп эл топтобогон тажрыйбаны топтогонун жана кандай кыйраткан ачылыштарды жасаганын да кошумчалап койбойбу!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ