Menu

Төрөкул Айтматовдун досу Баатыркан Мээрканов

Бөлүшүү:

Октябрь революциясынан кийин эркин кыргыз мамлекетинин курулушу үчүн Ишенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов сыяктуу улуу инсандардын эмгеги зор болгону баарыбызга белгилүү. Бирок мамлекетти түптөөгө салым кошкон 1926-жылы «Эркин Тоо» гезитине 26-майдан 10-июнга чейин редакторлук кылган, 1931-жылы Ташкент шаарында ВКБ нын Орто Азия бюросунун катчысы болуп турганда душмандары тарабынан атылган Баатыркан Мээрканов  тууралуу айтылбай да жазылбай келет.

Баатыркан  белгилүү комузчу,  актёр, мыкты менеджер, администратор  Сулайман Мээркановдун бир тууган агасы болгон.  Мээркан колунда бар адам болгондуктан Баатырканды   Сазановкадагы (Байсоорунда) орус-тузем мектебинде окутат.

Ал жерде Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Кожокан Шооруков сыяктуу белгилүү инсандар менен бирге окуган. Жусуп Абдрахманов  Кыргыз АССРынын эл Комиссарлар Советинин төрагасы,  Касым Тыныстанов Кыробкомдун үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, Баатыркан Мээрканов ВКБ (б) БКнын Орто Азия бюросунун жооптуу катчысы, Кожокан Шооруков алгачкы саламаттык сактоо министри болуп иштешкен. Андан соң Караколдогу жогорку төрт сыныптык баштапкы окуу жайына алынат.

… 1920-жылдын ортосунда ичкерки шаарлардан окууну бүтүрүп келишкен кыргыз интеллигенттеринин ичинен Баатыркан Мээрканов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Осмонкул Алиев, Касым Тыныстанов, Осмон Тынаевдер кыргыз обкомунун бөлүм башчылары, эл агартуу эл комиссары, округдук партия комитеттеринин жана райкомдордун катчылары болуп иштеп жүрүштү.

1922-жылдары Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдырахманов Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин көтөргөн. Алардын аракети менен 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдын курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Бирок, бул ишке теги боюнча Казактын Абыла уруусунан чыгып, кийин Кыргыздашып кеткен Рахманкул Кудайкулов өзүнүн тобу менен бирге каршы чыккан. Алар Кара-Кыргыздар Кыргыз АССРинин (казактардын) курамында калышы керек деп чыгышкан. Кара-Кыргыз автономиясын жактагандардын арасында Баатыркан Мээрканов да болгон.   1924-жылы  Кара-Колдогу  балдар үйүнөн  окуп билим алып жаткан  Сабира деген жетим кызды  ( жазуучу Эрнис Турсуновдун апасы)  өз атасы кызы кичинекейинде бел куда болуп койгондуктан, баягы кудалар «Сабираны келин кылып алабыз, бойго жетти» деп,  балдар үйүнүн директору Касымбай Телтаевди демитип келишет.  «Мен аныңарды билбейм, кызга эч кандай тиешеңер жок, мен кыздын атасымын» дегенге болбой кызды күчкө  салып алып кетишмекчи болушат. Ошо кезде ата-энеси жок жетим Касымбай Телтаевдин асыранды кызы Сабира  Канткомолго арыз жазат. Ошондо Кара-Кол –Нарын кантонуна  канткомол  болуп турган Батыркан Мээрканов Сабиранын башын ачып, К.Телтаевдин жеке каражаты менен окутууга жолдомо берет.

Б. Мээркановдун өтүнүчү менен 1924-жылы кыргыз жаштарын өлкөнүн жогорку окуу жайларынан окутууга тандаганы келген, курамында кыргыздын алгачкы агартуучулары Эшмукамбет Кендирбаев, Данаке Имановдор болгон комиссия  9 кыздын ичинен жакшы окуган эки кызды тандап алат. Кенжекан Бектаеваны Ташкендеги юстиция окуу жайына, (кийин Кыргыз Республикасынын прокурорунун орун басары)  Сабира Телтаеваны (кийин Борбордук Аткаруу комитетинин мүчөсү)  Москвага окууга жиберишет.

Баатыркан Мээрканов  менен залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенамановдор  ынак достордон  болушкан. Ага мисал айтылуу окумуштуу Зияш Бектенов «Замандаштарым жөнүндө эскерүү» китебинде: -«1924-жылы Пишпек шаарында ачылган Кыргызстан эл агартуу институтунда окуй баштаганыбызда Эркинбек, Төрөкул жана Баатыркан Мээрканов үч бойдок жигит биздин Дзержин көчөсүндөгү ашканабыздын каршысындагы орустун үйүндө батирде турушчу. Айтматов Киробкомдун үгүт-насыят бөлүмүнүн, Эсенаманов айыл чарба бөлүмү, Мээрканов дагы бир бөлүмүнүн башчысы болчу.  Бул үч бойдок жигит Нагыйма, Фарида, Калыйча аттуу үч татар кызга сүйлөшүп, биз менен бир бөлмөдө жаткан Темиркулов Ыйманкул алардын каттарын ташып, кыздардан конфеттерин жеп жүрүптүр” –деп эскергени бар.

Чынында эле Төрөкул Айтматов Нагыймага, Эркимбек Эсенаманов Фаридага, Баатыркан Мээрканов Калыйчага үйлөнүшкөн. Ал кезде орус жетекчилери еврей, кыргыздын эл башкарган жигиттери татар кыздарга үйлөнүшкөн. Анын себеби татар кыздар илим- билимдүү болушкандыктан болсо керек.

1925-жылы Төрөкул Айтматов, Баатыркан Мээрканов, Эркимбек Эсенаманов үчөө КПССтин катарына өтүшөт. 1926- жылдардын мартынан 1927-жылдарга чейин Төрөкул Айтматов ВКП ( Б )нын Каракол-Нарын кантондук Комитетинин катчысы, ал эми Баатыркан 1925-жылдардын аягында 1926-жылдардын башында ушул кантондо ВЛКСМдын катчысы болуп  иштеген.  Ошол жылдары азыркы Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылы Семиз-Бел болуштугу болуп, Көлгө карап турган. Аларды Кочкор аймагына бириктирүү саясатына жергиликтүү калк макул болбой нааразычылык билдирип чыгышат. Туугандары ушул айылда болгондуктан  ВЛКСМдын катчысы Мээрканов Баатырканга, Кара-Колдогу комсомолдук кызматкер  Кадыркул Боталиевдердин туугандары ушу айылда жашагандыктан  элди Кочкорго кошулууга көндүрүү милдеттендирилет.  Алар Кара-Күңгөй, Сарычат, Кошбулуң айылдарынын аксакалдарын чогултуп: -Совет өкмөтү жаңы саясат жүргүзүүдө, мурдагыдай уруу, урукка бөлүнүүгө болбойт. Каракол калаасы бизден алыс. Ошондуктан Кочкорго кошулуп там салып, олтурукташкыла!–деп жергиликтүү калктан Оторбаев Бозгунчу, Быйтыканов Омор, Осмон деген жигиттерди комсомолго жетекчи кылып элди тынчтандырышкан.

1926-жылы Баатыркан Борбордук Комитеттин Орто Азия бюросунун бөлүм башчысы милдетин аткарып, эл комиссарлар кеңешинин жерге отурукташтыруу боюнча комиссиясынын өкүлү Мамбет Сүйүмбаев, Каракол канткомунун катчысы Сатар Кулматов, ички иштер комиссариатынын Караколдогу өкүлү Садыбакас Султангазиев, окружкомдун төрагасы Сыдык Чоңбашев, Каракол округдук сотунун төрагасы Касый Бегалиев, Волисполкомдун төрагалары болуп элди отурукташтыруу, ортолук чарбага кирбегендерди кулакка тартуу үчүн тоодогу кыргыздарды кыдырып, жаңы өкмөттүн саясатын жүргүзүшкөн. Алар Каракол-Нарын кантонундагы аймактарда болушуп бел чечпестен, күн-түнү ат үстүндө жүрүшкөн.

Б. Мээрканов ошол жылдары  “Пишпек окружкомуна  ВЛКСМдын катчысы болуп которулат, ал жерде комсомолдук ячейкаларды ачып, комсомолдук иштерди улантат. Ушул жылдары «Эркин Тоо» гезитине да редакторлук кылып, 26-майдан 10-июнга чейин иштеген. 1927-жылдын башында Баатыркан Пишпек шаардык райкомунда үгүт-насыят бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат. Пишпектеги борбордук педагогика техникумунун директору Базаркул Данияров ар кандай тарыхый даталарда Баатыркан Мээркановду чакырып, ал студенттердин суроолоруна жооп берип карым-катнашта болгондугу тууралуу маалыматтар бар. 1929- 1930- жылдары Баатыркан ВКП (Б ) нын Талас кантонунун жооптуу катчысы, 1930- жылы Орто Азия бюросунун жооптуу катчысы болуп дайындалып, Кыргыз АССРинин таламын талашып иштеп турган.  Кара-Күңгөй айылынын тургуну Иманалиев Нуркаш  –«Илгери ирилештирүү мезгилинде  Баатыркан Мээрканов келип Кара-Күңгөйдүн элине –«Сарбагыш, Арык деп бөлүнбөй, Семиз-Белге, Кызыл-Тоого (азыркы кара жолду жээктей) отурукташкыла. Совхоз болосуңар. Азыркы конушуңар жайыт, айдоо аянты болсун» дейт.  Бирок, айыл билермандары Ботоканов Ыйманалы, Аблесов Алайдар «биз совхоз болсок өкмөт бизге сөйкөлүү чочко кой (Меринос) бактырат»-деп, элди үгүттөп көчпөй коюшат.

Баатыркан 1930- жылы Орто Азия бюросунун  жооптуу катчысы болуп дайындалып Кыргыз АССРинин таламын талашып иштеп турган. Жусуп Абдырахманов 6-май 1931-жылы ВКП (б) БК Ортоазия бюросунун жетекчилери Бауманга, Орто Азия бюросунун өнөр жай жана курулушту тейлеген бөлүмүнүн  башчысы М.Болдыревге кирип  «Орто азиялык уюмдарды улутташтыруу өзбектердин эсебинен жүрүп Орто азиялык мекеме уюмдар, мекемелер өзбектешип жатканы жөнүндө» айтат.

Алар болсо «андай нерселер болуп жатканы чындык.Бирок, өзбектер сураган кызматкерлерди беришүүдө,ал эми калган Республикалар болсо кадр жагынан кемчил. Ошондуктан алар Орто Азия үчүн кадрларды берүүгө дараметтери жетпей жатат. Силерден деле Мээрканов иштеп жатпайбы?» -деп жооп беришкен. Бул тууралуу Жусуп Абдрахманов күндөлүгүндө жазып кеткен.  Мында көрүнгөндөй Мээрканов  ошол кездин алдыңкы катардагы,билимдүү  адамы болгон. Ошол үчүн ал ВКП (б) нын Орто Азия бюросунда иштөөгө жетишкен.   Отуз биринчи жылдары  ВКП (Б)нын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы  Мээрканов  Ташкенттеги бир кабаттуу батирде турчу. Кечинде чогулуштан кеч келген Баатыркан үйгө кире бергенде желкесине ок жаңылган. Зияш Бектенов  бул тууралуу мындай деп эскерет:

–“Бир күнү эртең менен  залга кирсем, Эркинбек Эсенаманов ( Кыргызстандын Орто Азиядагы туруктуу өкүлү)   колуна телеграмма кармап: –Ушундай да өлүм болобу?!-деп, ыйлап турат. Жанында: – Кой Эркимбек кайрат кыл!-деп, Фарида жеңе турат. Көрсө: «Кызматынан кеч кайтып, оозгу үйгө кире бергенде мүдүрүлүп жыгылып, өз тапанчасынын огу жаңылып, Баатыркан Мээрканов  дүйнөдөн кайтты»,-деп, Эркимбекке аялынан телеграмма келген экен.                                                                                     –«Өлүм- каш-кабактын ортосунда деген туура сөз экен го. Эл үчүн жан дили менен кызмат кылып жүргөнүндө  күтүлбөгөн ажалдан күмжам болгон тура, кайран жигит, кайран бала!»-деп, көз жашын төгүп турган Эркинбекке кайрат айтам деп жатып, Фарида жеңе да:- Ай, чиркин ай, Баатыркан байкуш жигиттин гүлү эмес беле!-деп, ал да ыйлап жиберди. ( караңыз: З. Бектенов, Замандаштарым жөнүндө эскерүү, 231-232-бет).  Ошол отузунчу жылдары ВКП (Б)нын Орто Азия бюросунун жооптуу катчысы Мээрканов Ташкенттеги бир кабаттуу батирде турчу. Эркимбек досу да  Ташкентте иштечү.  Кечинде чогулуштан кеч келген Баатыркан үйгө кире бергенде желкесине ок жаңылган.

Аялы Баатырканды эл душманы өлтүрдү деп, билдирет. Сөөгү эки күндөн кийин аза күтүү музыкасы менен коштолуп, Ташкенттеги көрүстөнгө коюлат.  Мээркановду узатуу аземине САГУ нун САХИПИнин студенттери, угуучулар, курсанттар  келип көрүстөнгө самсып чубап барышкан.   Анын өлүмүнүн чыныгы себептери ачылбай калат. Бирок, эл ичинде аны билгендер бийлик талашуунун курмандыгы болду деген пикирди айтып келишкен. 1930- 31-жылдары Баатыркан эле эмес Базар-Коргон ячейкасынын катчысы А.Жылкыбаев, алгачкы колхоз башкармасы Уркуя Салиева, Жолдош Салиевдер да эл душмандары тарабынан өлтүрүлгөн. Баатыркандын аялы Калыйча бир кызы менен Ташкентте калган. Кийин кызы уулду болгондо Олег Баатыркан деп атаган. Союз мезгилинде Олег  бир нече жолу Кыргызстанга келип кеткен. Кийин Кавказга көчүп кеткени тууралуу айтылып жүрөт.

Эркинбек Эсенаманов ( Кыргыз АССР айыл чарба комиссары), Төрөкул Айтматов (партиянын Ош райкомунун катчысы) 1937- жылы репрессияланып атылды. Учурда кимдин аркасында тың уулдары же туугандары болсо эмгегинин канчалык деңгээлде экенине карабай, аты даңазаланып келет. Ал эми, Баатыркан Мээрканов сыяктуу мамлекетибиз үчүн кан жанын аябаган инсандар унутта калбай, эмгектери тарыхта жазылуусу керек.

Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ
Кочкор району

Булак: Де-Факто 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: