Menu

Мамлекеттик баалуу кагаздарды күрөө катары пайдаланууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек  Жапаров, Азамат Арапбаев.

Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын жагымдуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу максатында Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдардын каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору төмөнкү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү болжолдойт:

– КР Улуттук банкы тарабынан ЕАЭБдин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлүүчү эл аралык уюмдарга, Кыргыз Республикасынын экономикасын женилдетилген каржылоонун долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу боюнча акча каражаттарын улуттук валютада төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында чет өлкө валютасы менен гана эмес, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен камсыз кылуу алдында КРУБ берүү мүмкүнчүлүгүн болжолдонот.

Аракеттеги мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөр төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет:

  • Кыргыз Республикасынын экономикасын долларсыздаштырууга;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын пайдаланууга;
  • ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча, Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун долбоорлорун жана программаларын алар тарабынан сомдук кредиттөөнү жүзөгө ашыруу бөлүгүндө финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартуу боюнча КР Өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу өтө татаал экенин, жер-жерлердеги шайлоочулар койгон маселе дагы ушундай экенин КР Өкмөтүнө багытташты.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: