Menu

Өзбекстанда дагы төрт эркин экономикалык аймак ачылат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Самарканд облусунун Ургут районунда, Бухара облусунун Гиждуван районунда, Фергана облусунун Кокон шаарында жана Хорезм облусунун Хазарасп районунда эркин экономикалык аймактарды түзүү пландалууда.

Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин жарлыгынын долбоору талкуу үчүн Интерактивдүү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталына жайгаштырылды.

Документте жазылгандай, жаңы эркин аймактарды түзүүнүн максаты – минералдык-сырьёлук ресурстарды жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү өндүрүшүн түзүү, ошондой эле аталган төрт облустун өндүрүштүк жана ресурстук дараметин натыйжалуу пайдалануу үчүн чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу.

Аймактарды каржылоо мөөнөтү 30 жылды түзөт. Ал мезгил аралыгында жаңы түзүлгөн экономикалык аймактарда өзгөчө салык жана бажы жеңилдиктери болот.

Учурда Өзбекстанда үч эркин экономикалык аймак бар – «Навои», «Жизак» жана «Ангрен».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: