Баткен облусунун Лейлек районунда 24-апрель күнү саат 16:00 чамасында Сумбула айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен “Азов” участкасынан түшкөн сел Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 18-22 чакырымын каптап, жеңил унаалар жолдон өтө албай калган. Бул жол КР Унаа жана байланыш министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемесинин балансында турат. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. ЖЭМ-13 ишканасынан 1 грейдер тартылып, унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, учурда бардык унаалар өтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ