Menu

Ашхабад «ак алтындын» кезектеги көргөзмөсүнө даярданууда

Бөлүшүү:

3-4-декабрь күндөрү Ашхабадда «Түркмөнстандын пахта өндүрүмү жана дүйнөлүк базар» аталышындагы эл аралык VI көргөзмө өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Түркмөн бийлигинин билдирүүсү боюнча жыл сайын өтчү иш-чара тажрыйба алмашуу, чет элдик кызыкдар өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү, пахта өндүрүү жана кайра иштетүү тармагында өлкөнүн жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн маанилүү.

Түркмөнстандын пахтасы Мамлекеттик соода биржасы тарабынан Кытайга, Орусияга, Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Түркияга, Иранга, Индонезияга, Сингапурга, Украинага жана Балтика өлкөлөрүнө сатылат.

Совет мезгилинде түркмөн пахтасы негизинен борборго жөнөтүлүп, республикада иштетилчү эмес. Мамлекет эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өлкөдө текстиль фабрикалары курулган.

Жергиликтүү булактардын билдирүүлөрү боюнча жумушсуздук кеңири жайылган айылдарда пахта өстүрүү балдар эмгеги пайдаланылган тармак бойдон калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: