Menu

Максат Сабиров, депутат: Өкмөт такыр иштей албаса, күзүндө тагдырын чечебиз

Бөлүшүү:

– Максат мырза, «Бажы тармагында коррупциялык схема абдан тереңдеп кеткен» деп мурдагы жетекчиликтин маалыңда көп сөздөр айтылган. Жаңы жетекчи келгени өзгөрүү болдубу?

– Өкмөт биздин алдыбызга Бажы биримдигинин мыйзамдарына ыкташтырылган эки мыйзам алып келди. Кеч алып келишти, 2014-жылы биримдикке кирип жаткандын алдында эле даярдаш керек болчу. Саясый интрига менен алек болуп кетип, экономикабызды талкалап бүтүрмөй болдук. Коррупциянын очогу бажыда дегенибиз менен, баардык тармактарда жайылып кетиптир. Эми аны жоюу бир топ оор болот. ТЭЦ боюнча кандай коррупция болгону ачыкка чыгып, коомчулуктун оозу ачылды. Камалып эле жатат, бирок акыркы жыйынтык кандай болот, көрөбүз. Бажы боюнча деле сөз көп. «Кличкалар» коюлуп, кимдер башында турганынан бери аталып жатат. Миллиардер болуп кетишиптир, камалып да жатат. Акыры системадагы коррупцияны жоюш керек. Эми ал өкмөттүн иштегенине жараша болот.

– Жаңы өкмөттүн ишин сындагандар көбөйүп жатат. Эки айда көзгө көрүнгөн эмне иш кыла алды? Сиздин бааңыз кандай?

– Өкмөт иштеп баштагандан бери 60 күн өттү, 100 күндүктө парламентке келип отчет берет. Эмне иш кылды, же такыр иштей алган жокпу, ишине күзүндө баа беребиз. Улам-улам алмаштыра бергенде деле мамлекет катары өзүбүзгө сөз тийет. Кемчилигин айтабыз, иштеткенге аракет кылабыз. Такыр эле иштей албаса, анда парламент жыйынтык чыгарат, тагдырын чечет. Азыр эртерээк.

– «Премьер-министр кадр маселесин да чече албай жатат» деген сындар айтылууда. Мисалы, «Кыргыз темир жолунун» башчысы Алмазбек Ногойбаев боюнча чуулгандуу сөздөр айтыльш, журналисттик иликтөөлөр жүрүп, баары эле ачыкка чыккандай болгон. Бирок, Абылгазиев аны дагы деле кармап отурганы эмнени түшүндүрөт?

– Кыргызстанда баардык жагы системдүү коррупцияланышып калганы чын. Мындай учур бир эле «Кыргыз темир жолдо» эмес, көп жерде бар. Тилекке каршы, андай жетекчилерди кетириш кыйын экен. Анткени, биздин мыйзамдардын өзү оор экен. Кетирсең, соттошуп, кайра ордуна отуруп алышат. Андыктан, мыйзамдарды да карап чыгуу зарылдыгы бар.

-Учурда өкмөттүн өлкөнүн карыздарынан кутулуу боюнча атайын эсеп ачуу демилгеси сынга алынууда. Өкмөттүн жарандардан акча чогултуусуна кандай карайсыз?

– Жарандар өздөрү «жардам беребиз» деп жатса, мамлекет «кереги жок» дебейт да. Илгери Түркияда да Ататүрк чечим кабыл алып, жалпы эл жардам берип, мамлекетке акча чогултулган. Туура эле кабыл алдым. Бирок, элден акча чогултуу онлайн түрүндөбү, айтор элдин көзөмөлүндө ишке ашкандай болсо жакшы болмок. Көнгөн адатча эртең ал акчалар да желип кетсе, абройго доо кетет. «Мамлекеттин карызынан кутулалы, жерибизди алдырбайлы» деген жакшы тилектер менен чогулган акча туура пайдаланылса, анда эл да ыраазы, өкмөткө да алкыш калат.

– Кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев биринчилерден болуп ал эсепке «1 миллион сом кошом» дебедиби. Аны кубаттаган депутаттар да болобу?

– Депутаттардын деле ар кимиси ар башка адамдар. Ал патриоттук сезимдерине, анан мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: