Menu

Президенттин коррупцияга каршы күрөшү сизди канааттандырабы?

Бөлүшүү:

Экс президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда башталган коррупцияга каршы күрөш жацы этапка чыгып жатканын байкоого болот. Маселен, Бишкек ТЭЦинде болгон коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар делип мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин камалышы, Темир Сариевдин эки күндүн биринде УКМКга барып сурак берип жатышы буга айкын мисал болуп бере алат. Чынында Кыргызстандын тарыхында экс-премьер министрлер жоопко тартылган көрүнүштөр буга чейин болгон эмес эле… Ушундан улам президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү чын эле эл күткөндөй катуу жүрүп баштадыбы деген суроону айрым эл өкүлдөрүнө узатып жооп алдык…

Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты:

– Президентибиз Сооронбай Шариповичтин коррупцияга багытталган иш аракеттерин акыркы окуялардын алкагына алып карасак, абдан масштабдуу жана максаттуу күрөш жүрүп жатат деп айтсак болот. Мен эл өкүлү болуп келгенде-ги эң алгачкы көтөргөн маселем – бул энергетика тармагындагы жемкорлук (коррупция) болгон. Кыргызстандагы энергобарондор менен Колумбиядагы наркобарондордун айырмасы жок экендигин айткан элем. Эми карасаңар, энергетика тармагындагы жемкорлук эмнелерди алып келди? Жеңилбес жемкорлуктун айынан Бишкек ЖЭБинде авария чыкты, анын артынан алты жүз долларлык аттиштер чыкты, Ак үйдөгүлөр аралашкан афералык иштер чыкты. Айтор жемкорлук менен күрөшөбүз деген жетекчилерибиз өздөрү чыныгы жемкорлор болуп чыкты. Төрт энергетика министрлердин ичинен бирөөсү соттолуп кетсе, бирөөсү жок болуп кетти (Чудинов, Шадиев), дагы жакшы экөөсү камалып кетти (Калиев, Артыкбаев). Өкмөт башчылар да кудум ушундай. Сатыбалдиев менен Исаков камалып жатса, Чудинов кесилип кетти, Бабанов жер кезип кетти. Бүгүн Сариев суралып жатса, эртең Оторбаев суралат, бул турган иш. Бишкектин мурдагы мэрин түрмөгө түнөтүп, азыркысын жүдөтүп жатат. Тактап айтканда, Сооронбай Шариповичтин жемкорлук боюнча күрөшү жетинчи кабаттан башталды десек да болот, баракелде деп баа берсек да болот. Бирок ажобуздун алып барган иши ак болуш үчүн арийне, азыркы аткаминерлерге козголгон кылмыш иштери так болуш керек. Экинчиден, ошол иштер жасалма болбош керек, камалгандар тандалма болбош керек.

Искендер Гаипкулов, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты:

– Коррупция менен бир эле президент күрөшсө эч жыйынтык болбойт. Президент ачык-айкын өз оюн билдирип, бардык мамлекеттик укук коргоо органдарына тийиштүү милдеттерди койду. Эми керектүү органдар таза иштеп, ийгиликтерге жетишиш керек. Бирок укук коргоо органдары, Өкмөт тийиштүү чараларды көрө албай жаткандай сезилет.

Руслан Казакбаев, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты:

– Президентш коррупцияга каршы күрөшү мени канааттандырат. Алгачкы кадамдар жакшы башталды. Эми бул ишти акырына чейин чыгарыш керек. Өлкө башчысы: «Коррупциялык күрөштө досума, тууганыма карабайм» – деп айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыгып, баары мыйзам алдында бирдей экенин, эч кимге жан тарткан мамиле болбосун көргөзүшү милдет. Эгер тандоо ыкмасы өкүм сүрө турган болсо, элдин ишеними тез эле жоголот. Бирок камоо менен маселе чечилбей турганын дагы эске алуу кажет. Экономи-калык кылмыштар боюнча камалгандарга гумандуу мамиле жасалып, аларга айып төлөтүү принцибин киргизип, казынага каражат түшүрүү жагын караш керек. Түрмөгө камоо аркылуу коррупцияны жеңүү кыйын. Ошондуктан кээ бир жаты өтүп калгандарга, ошондой эле тергөө кызматы менен тыгыз кызматташкандарды үй камагына чыгарып деле тергөө жүргүзүш керек деп эсептейм. Албетте, коррупциялык күрөштө бир

Алтынбек Жунус уулу, Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-прогресс” фракциясынын депутаты:

– Иштин башы жакшы. Азыркы президент мурдагы президенттин көчүн улайм дегенде биз ойлогон элек, бир эле тараптуу камоолор, куугунтуктоолор болуп, ТЭЦтеги коррупциялык иштин деле бети ачылбайт го деп. Бактыга жараша биз ойлогондой болгон жок. Бардыгы ачык-айкын жүрүп жатат. Жакшы жылыштар болууда. Эми азыркы күнөөлөнүп камалып жаткандардын күнөөсү сотто далилденип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алса дээр элем.

Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты:

– Азыркы маалда президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сөзүндөй эле, коррупцияга каршы күрөш жетиштүү деңгээлде, туура жүрүп жатат деп эсептейм. Өзгөчө ТЭЦ боюнча коррупциялык көрүнүштөрдүн ачыкталып жатканын буга мисал катары алсак болот. ТЭЦти оңдоп-түзөөдөн 100 миллион доллардай каражат уурдалганы белгилүү болууда. Күнөөлүүлөр жазалануулары керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: