Menu

Тажикстанда көмүрдү мол камдоо сунушу берилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети жашоочуларды кыш мезгилинде көмүр камдап алууга чакырды. Мекеме таркаткан билдирүүдө жеке турак-жайда жашагандарга ашыгы менен отун алуу кеңеши берилет.

«Өтө суук болушу мүмкүн деген эскертүү алган соң, түтүктөр иштен чыгып калбашы үчүн суу куурларын, жылытуу системасын өчүргүлө. Бөлмөлөргө ишенимдүү теплоизоляция орноткула, ал суук болгон мезгилде үй-бүлөгө кызмат кылсын. Ал жакка эң керектүү фонарларды, транзистордук кабылдагычтарды, шамдарды, ширенкелерди, азык-түлүк жана суу, дары-дармек, жууркан-төшөктөрдү сактагыла”,-деп жазылган билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери өлкөдө боло турган кескин суукка карата толук даярдыкта турушат. Өткөн суткада аба ырайына байланыштуу кырсыктар катталган жок.

Бул арада тажик синоптиктери жума бою Дүйшөмбүдө жана аймактарда аяздуу суук болорун божомолдошууда. Адистер аба ырайынын кескин өзгөрүшүн Сибирь циклонунун келиши менен түшүндүрүшүүдө. Ал учурда Борбор Азиянын бардык аймактарында өкүм сүрүүдө.

Ошл эле маалда өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүнө электр энергиясы ноябрдан бери чектөөлөр менен берилүүдө. Жеке турак-жайларда жашагандар көмүр менен жан сакташууда. Кара алтындын бир килосунун баасы 1,5 сомонини түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: