Menu

Фото – Алайкуу өрөөнүндө 17-ноябрдан бери жааган кардан улам жаралган көйгөйлөр толук жөнгө салынды

Бөлүшүү:

Алайкуу өрөөнүндө 17-ноябрдан бери жааган кардан улам жаралган көйгөйлөр толук жөнгө салынды. Бүгүнкү күнгө Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алай-Куу айыл өкмөттөрүндө негизги жана ички чарбалык жолдор ачылып, электр энергиясы берилди. Уюлдук байланыш калыбына келтирилди. КР Өкмөтү тарабынан жаралган кырдаалдан чыгууну жана тийешелүү чараларды алып баруу багытында берилген тапшырмалар аткарылды. Аткарылган жумуштар менен таанышуу жана элдин жашоосунан кабар алуу үчүн кечээ КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Сарыбашов Алайкуу өрөөнүндө болуп кайтты. Айылдарда токтоп жергиликтүүлөр менен жолугуп, жол, электр энергиясы, тоют жана башка маселелерден кабардар болуп маалымат алды. Элеттиктер “буга чейин бир күндө эле жааган кар мынчалык оор түшкөн эмес эле. Күтүүсүз аба-ырайы бизди бир аз кыйнап койду. Бирок шүгүр мамлекет бар экен мына ӨКМ жана жергиликтүү бийликтин аракетинен улам бардык жолдор дароо ачылды, электр энергиясы берилди. Тамак-ашыбыз кенен. Тоют да жетиштүү. Андан көйгөй болгон жок. Эң негизгиси жол ачык турса эл эч нерседен кыйналбайт. Буга чейин көргөнбүз кышында айлап жолубуз ачылбай камалып калчубуз. Эч ким деле кабар алчу эмес. Силер тез арада баарын ордуна келтирдиңер. Бүгүн өзүңүз баш болуп акимди, тийешелүү жетекчилерди алып келип биздин ал ахыбалды сурап турасыздар. Мындан биз абдан ыраазы болдук. Жаңыдан губернатор болуп дайындалганыңызда алгач эле биздин Алайкуу өрөөнүнө келип элден кабар алып жолугуп кеткен элеңиз. Ошондо тез-тез келип кабар алып турам дегенсиз. Мына бүгүн убадаңызды аткарып үстүнөн чыгып жатасыз. Сиздерге рахмат” -деп ыраазычылыктарын айтышты. Ал эми Өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашов “Кар оор түшүп жолдор жабылып, электр энергиясыз калган күндөн баштап эле сиздер тууралуу ар жарым саатта маалымат алып турдук. Өкмөт башчыбыз Сооронбай Шарипович кырдаалды өзү көзөмөлдөп керектүү чараларды көрүү жана тез арада жолдорду ачып, электр энергиясын берүү талабын бизге коюп жатты. Азыр сиздер айткандай мурунку заман жок. Өкмөттүн күчү азыр барына жетет. Аны өзүңүздөр да моюнга алып мурда айлап жол ачылбай камалып жатсаңыздар эки күнгө калбай жол ачылганын айтып жатасыздар. Электр энергиясы калыбына келтирилди. Кудайга шүгүр бактыга жараша чоң кырсык болгон жок. Анын бетин ары кылсын. Жолду тазалап турууга бүгүн техникада, күйүүчү майы да жетиштүү. Сиздер мындан кабатыр болбоңуздар. Буюрса өкмөт бар, мамлекет бар сиздерден кабар алып турабыз. Кыйынчылыкта таштап койбойбуз. Сиздер эмне маселе менен күн-түн дебестен чакырсаңыздар келип угуп чечүү жолдорун тапканга дайыма даярмын. Эң негизгиси тынчылык болуп турса бары болот. Шүгүр кылалы” -деп элге кайрылды. Андан ары Алайкуу өрөөнүнүн эң четки бөлүгү болгон Көк-Арт айылына чейин жетип жолду тазалоо иштери менен таанышты. Бардык айылдарда жергиликтүүлөр менен жолугуп баарлашып кайтты. Бүгүнкү күндө Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйө-Таш айылына караштуу Казык жайлоосундагы чабандар менен байланыш бар. Мал жандыктары түгөл тоюту жетиштүү. Андан сырткары малынан кабар алганы кетип дайынсыз болуп жаткан үч жарандын да кабары бар.  Алар коопсуз жайда экендигин жана мал жандыктары үчүн жем-чөп жетиштүү экендигин кошумчалашкан. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда жалпы 200 миң метр кубдан ашык кар көчкүсү  тазаланган. 

alajkuu3

alajkuu

alajkuu2

alajkuu5

alajkuu6

alajkuu7

alajkuu8

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: