Menu

Жогорку Кеӊештин 5 тармактык комитетинин төрагалары шайланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова бошогон комитет төрагасы кызмат орундарына парламенттик фракциялардан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалымат берди.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында тармактык комитеттеринин төрагалыгына төмөнкү талапкерлер шайланды:

– Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана салматтык сактоо боюнча комитеттин төрайымы – Молдобекова Гүлкан Сакиновна  (КСДП фракциясы);

– Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы – Назаров Айтмамат Кошоевич  («Кыргызстан» фракциясы);

– Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы – Шадиев Аскарбек Алимбаевич («Бир Бол» фракциясы);

– Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы – Тиллаев  Таабалды  Гапырович («Республика – Ата Журт» фракциясы);

– Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы – Жеенчороев Мирлан Канатбекович  (“Республика – Ата Журт”).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: