Menu

Алтынай Арстанбекова, журналист: “Таалатбек Масадыков Кыргызстанда жашабаса, жок эле дегенде айыл өкмөтү болуп, башкаруучулук тажрыйба топтобосо, кантип депутат же президент болот?”

Бөлүшүү:

Масадыков төлөгөн акчалары үчүн фейктери менен троллдору аябай иштеп жатышат. Азыркы оор кырдаалда да Масадыков бир тыйын жардам бербей, жардам колун суна албаса да унчукпай тургандын ордуна жанталашып өзүн реклама кылып шайлоого жүткүнүп атат.

Ой, түшүндүрүп койгулачы. Депутат же президент болом деген кыргыз жараны кеминде 5 жыл бою такай Кыргызстанда жашаш керек. Юристтер оңдоп коёр мени, мүмкүн 10 жыл бою такай жашаш керек. Бул Конституцияда жазылган. Масадыков өмүр бою чет өлкөдө жашаса, “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп шайлоодон өтпөй калып кайра ошо чет өлкөсүнө кетет.

Депутат же президент болом деген адам чек ара маселесин билиш керек. Чек арага барыш керек. Уран маселеси боюнча эл кар менен жаанда аянтта митингде турганда биздин жаныбызда туруш керек эле. Андан сырткары мектеп, жол, билим берүү, медицина сыяктуу толгон-токой маселелер бар, аларды жакындан билиш керек. Шайлоодо гана “айяй” көйнөгүн кийип келип, кооз сүйлөп коюп, кичинекей акчасын пахтачы менен кошоматчыларга тоокторго жем бергендей чачып коюп, элди бири бирине тукуруп уруштуруп, шайлоодон жеңилип калып кайра чет өлкөсүнө кетип калып жүрсө буга ким ишенет? Ким тааныйт Масадыковту?

Мен Масадыковту ШАЙЛАБООГО чакырам. Момундай кошоматчылардын жүзү ачылгандыктан достуктан кечтим. Масадыковтун кичине тыйынын алып, менин көз карандысыздыгымды өзүнө керек эмес маалда уруп ойнобогон, кемсинтип шылдыңдагандар менен жолум бир эмес. Кыргызстанга күйбөгөн, жалаң чет өлкөдө жашап чардаган, шайлоодо гана бийликке барыш үчүн жанталашып Кыргызстанга келген Масадыковко окшогондорду жана аларга кошоматтанып арзан тыйынга сатылган саткындардын ысымын билип алыңыздар.

Кыргыз эли башынан көп кыйынчылыкты өткөрүп жатат. Ошол кыйын кырдаалда Масадыков келдиби? Жардам бердиби? Жок дегенде өзүнүн сөзүн айтып, оюн, позициясын билдирдиби? Жок! Анда шайлоого деле аттанбай коё берсин. Бийликке жүткүнгөндөр Масадыковсуз эле толтура.

Таалатбек Масадыков жок дегенде айыл өкмөтү болуп иштеп, эң жөнөкөй башкаруучулук тажрыйбасы болбосо кантип мамлекетти башкарат?

Алтынай Арстанбекова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: