Menu

Европарламент орусиялык пропаганда тууралуу резолюция кабыл алды

Бөлүшүү:

Европа парламенти Орусия менен «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө каршы багытталган пропагандасына туруштук берүү резолюциясын кабыл алды.

Польшалык депутат сунуш кылган долбоорго ылайык, орус бийлиги Russia Today (RT) жана “Спутник” агенттиги өңдүү маалымат каражаттары, Россотрудничество, “Орус дүйнөсү” фонддору аркылуу Евробиримдиктин аймагында айрым күчтөргө таасир этүү максатында үгүт иштерин жүргүзүүдө. Муну менен биримдиктин жашоочулары арасында чыгыш кошуналары, анын ичинде Украина тууралуу терс пикир жаратууну көздөшүүдө.

Ошондой эле резолюция долбоорунда бул үчүн интернет жана социалдык түйүндөрдө атайын уюштурулган адамдар кеңири колдонулганы айтылат. Биримдиктин өлкөлөрүнө орусиялык пропагандага туруштук берүү аракеттерин бириктирүү сунуш кылынат.

Документти 304 депутат колдоду. Каршы пикирин 179у билдирди, дагы 208и калыс калды.

Орусия президенти Владимир Путин Евробиримдиктин резолюциясын “саясий артка кетүүнүн далили» деп атап, RT жана Sputnikтин кызматкерлерин «жыйынтыктуу иши» менен куттуктады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: