Екатеринбургдагы курулуштардын биринде Өзбекстандын эки жараны каза болду. Орусия Тергөө комитетинин Свердлов облусундагы бөлүмү окуяны текшере баштады.
Орусиянын Свердлов облусуну боюнча Тергөө комитети менен Екатеринбург полициясынын маалыматы боюнча кырсык 28-ноябрда эртең менен болгон. Өзбекстандан барган эки жумушчу 25 кабаттуу үйдүн 17-кабатынан кулап кетип каза болушкан.
Каза болгон мигранттардын биринин 32, экинчисинин 38 жашта болгондугу кабарланууда. Орусиянын укук коргоо органдары азырынча алардын аты-жөнүн билдире элек.
Эмгек мигранттарынын Москвадагы кесиптик кошуунунун эксперти Комилжон Дилмуродовдун айтымында, Орусияда өзбекстандык мигранттар курулуштагы кырсыктардан каза болгон учурлар көп эле кездешет.
– Көбүнчө кырсыктар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам болот. Эмгек мигранттарын ишке алган айрым ишканалар жумушчуларынын квалификациясын жогорулатууга тиешелүү деңгээлде көңүл бурушпайт. Ошол эле маалда мигранттар да коопсуздук эрежелерин сакташпайт.
Ушул эле айда Орусияда курулушта иштеген жети тажик мигрант дагы өрттөн улам каза тапкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ