Menu

Орусия Ислам комитетинин башчысы Гейдар Жемаль каза болду

Бөлүшүү:

Орусиянын Ислам комитетинин төрагасы жана «Орусиялык ислам мурасы» коомдук кыймылынын теңтөрагасы Гейдар Жемаль каза болду. Бул тууралуу анын «Фейсбуктагы» баракчасына жазышты.

Жемаль 69 жашта болчу. Журналист Максим Шевченко анын өлүмүнө узакка созулган оор оорусу себеп болгонун жазды.

Жемаль Орусиянын Ислам комитетин 1993-жылдан бери жетектеп келген. Ал «Сол фронт» координациялык кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири болгон. «Макул эместердин жүрүштөрүнө» катышкан.

1999-жылы Мамдума шайлоосуна катышып, 2010-жылы орусиялык оппозициянын «Путин кетиши керек» деген кайрылуусуна кол койгон.

Гейдар Жемаль Биринчи каналдагы “Ныне”, «Маданият» каналындагы “Курандын бардык сүрөлөрү” жана РТРдеги «Миң бир күн» берүүлөрүн алып барган. Андан сырткары ислам тууралуу алты китептин автору болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: