Тажикстан ТИМи 5-декабрда Дүйшөмбүдөгү “Азаттыктын” тажик кызматынын алты журналистинин аккредитациясын калыбына келтирди. Алар жумушка чыгышты.
25-декабрда “Азаттыктын” Дүйшөмбүдөгү кызматкерлери Мирзонабии Холикзод, Мардони Мухаммад, Абдулло Ашуров, Мухаммадвафо Рахматов, Амриддин Олимов жана Шодмони Ятим Тажикстандын ТИМине чакырылган. Мекеме алардын аккредитациясы расмий түрдө жокко чыгарылганын кабарлаган, бирок эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүргөн эмес.
“Азаттыктын” тажик кызматы аккредитацияны кайтарып берген ТИМдин бул чечимине канаатанганын билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ