Menu

АКШ Тажикстанга берилчү акчалай жардамдын көлөмүн көбөйттү

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2017-жылга карата бюджеттик сметаны жарыялады. Анда Тажикстанга 41,6 миллион доллар өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүү каралган. Бул Дүйшөмбү Америкадан 28,9 млн доллар алган 2015-жылкы жардамдан кыйла көп.

Американын тышкы саясат мекемесинин келерки жылкы бюджетинин долбоорунда Тажикстанга акчалай жардам мамлекеттик түзүмдөрдү колдоо, коопсуздук органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, коопсуздук тармагында АКШнын Тажикстан менен кызмтташтыгын кеңейтүү жана жарандык коомдун өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн берилгени жатканы көрсөтүлгөн. Анда Мамдепартамент Тажикстан эл аралык каржы жардамына муктаж болгон дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнүн бири экенин белгилеген.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Тажикстан азык-түлүк жетишсиздиги, электр энергиясынын таңкыстыгы, суунун натыйжасыз пайдаланылышы, Ооганстан менен болгон чек ара аймактарындагы туруксуздук, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын начарлаткан кеңири жайылган жемкорлук сыяктуу көйгөйлөргө дуушар болууда.

Жарыяланган отчетто Тажикстанга акчалай жардам өлкөнүн Орусияга болгон көз карандылыгын азайтуу жана батыш өлкөлөрү менен алакалашуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле узак мөөнөттүү программаларды ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн да берилип жатканы белгиленген.

1992-жылдан бери Вашингтон Тажикстанга кайтарымсыз негизде 1 миллиард доллардан ашык акчалай жардам берген. Андан сырткары Дүйшөмбү эл аралык каржы институттар аркылуу жеңилдетилген жана кайтарымсыз насыя катары 1 миллиард доллардан ашык акча алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: