Menu

Муратбек Айтбаев, проктолог: Элдик ыкма менен геморройду айыктырбай эле күчөтүп жиберишет

Бөлүшүү:

Улуттук госпиталдын проктология бөлумүндө 25 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенген дарыгер, медицина илиминин кандидаты, Саламаттыкты сактоонун отличниги Айтбаев Муратбек Быржыевич менен геморрой оорусунун келип чыгуусу, ал ооруну дарылоо жолдору туурасында кенен маек курдук.

—Геморрой оорусу эмнеден улам пайда болот?

—Геморройдун келип чыгуусунун себептери абдан көп. Биринчи кезекте туура эмес тамактануудан бул оору пайда болот деп айта алам. Айрымдар дааратканага барганда да ыйынып отура берет. Кээ бирлер бар дааратканага киргенде гезит же китеп окуганды жакшы көрөт. Ал жоон ичегини алдагандык болот. Ошондон улам геморрой пайда болот. Андан сырткары оор жумуш кылгандан да келип чыгат. Учурда отуруп иштеген жумуштар көп болгондугуна байланыштуу көптөр бир отурган жеринен кыймылдабай кечке чейин отура беришет. Ал геморройду түздөн-түз пайда кылат деп так кесе айта алам. Айрыкча тигүү цехинде, офис жумуштарында иштегендер жана такай машина айдагандар көбүрөөк жабыркашат. Бир орунда турбай кечке отура бергенде ич катыйт, жыйынтыгында көтөн чучуктун ички бети айрылып кетет дагы геморройду пайда кылат. Отурган жумушта иштегендер ар бир 2-3 саатта ордуларынан туруп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кичине болсо да кыймылдап туруусу кажет. Аялдарда болсо бул оору көбүнчө төрөттүн кесепетинен улам пайда болот.

—Ооруну өөрчүтүп жибербөө үчүн кайсы учурда проктологдорго кайрылыш керек?

—Ыңгайсыз абалдар пайда болгондо, көтөн чучук кычышып же ачышканда, канаганда эле кайрылышса операцияга жеткирбей эле шам сымал дарылар (свеча), лазер жолу менен айыктырууга болот. А бизге болсо баса албай калганда, оору жедеп күчөп кетип ириң чаап баратканда келишет. Андай учурда операциядан башка айла жок болот.

—Учурда кандай медициналык жабдуулардын жардамы менен бул ооруну дарылап жатасыздар?

—Бизге көбүнчө оор абалдагылар келишет. Ошондуктан көп учурда операция жолу менен дарылайбыз. Жеңилирээк оорулар менен келгендерди инфракызыл нур менен күйгүзүп, склеротерапия (көтөн чучукка зат киргизилет), латекс шакекчелерин киргизүү менен дарылайбыз. Бизге Казакстандын, Кыргызстандын булуң-бурчтарынан келишет. Айрыкча каны азайып, гемоглобин 50-60ка түшүп кетип келгендерди операциядан башка жол менен дарылоого мүмкүн эмес.

—Геморройду көбүнчө элдик ыкмада малдын майы, марганцовка, самын, чеснок менен убактылуу дарылап жүрүшөт. Алар ооруну толук айыктыра алабы?

—Сиздин пикириңизге кошулам. Мурда медицина жакшы өнүгө электе андай ыкмаларды кеңири колдонуп, ооруну убактылуу басып келишкен, бирок алар менен геморрой айыгып кетпейт. Болгону ошол учурдагы ооруксунууну басат. Ичи катып айласы түгөнгөндө самынды пайдаланышкан, ал ичти бир аз жумшартып, оорутпай чыгарат. Геморройдо ар кандай элдик ыкманы өз алдынча колдонууну сунуштабайт элем. Себеби, алар көтөн чучуктун ичинен канчалык айрылып кеткенин билбей туруп ар нерсени сала берсе, ал оруну басаңдатпай эле микробдор кирип кетип, күчөтүп жиберет.

—Азыр даарат кагаздардын, жуунуучу суюк самындардын, нымдуу аарчыгычтардын түрү чыгып жатпайбы. Алардын бул ооруга тийгизген таасирлери кандай болот?

—Чынын айтканда азыр түрдүү каражаттар бар. Ар бир компания өзүнүн чыгарган продукциясын каалагандай мактайт, башың айланат. Эң мыктысы мелүүн суу менен жууп, кагаз менен кургаткандан өтөөрү жок. Курамында ар кандай заттар бар каражаттардан аллергия пайда болуп, абдан кычышууга алып келет.

—Бул ооруга чалдыккан адамдар кандай тамактануусу керек?

—Эгерде ичи катып калгандан улам көтөн чучук айрылып кетсе ал сөзсүз түрдө диета кармап, ичти катырбаш керек. Эгер оорунун башталышы болсо, ичти катырбай, туура тамактанып, тийиштүү дарылар менен дарыланса бул оору айыгып кетет. Ал эми туура эмес тамактанууну уланта берсе оору күчөйт.

Төлөбүбү Касымалиева

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: