Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт, – деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору.
Билдирүүгө ылайык, 14-15-август күндөрү жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ