Жазгы талаа жумуштары быйылкы жылы жылдагыдан 10-12 күнгө эрте аяктады. Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу быйыл дан эгиндерине көбүрөөк басым жасадык. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Айыл-чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
“Өлкөдө азыр кризис болуп жатат. Калкты азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн быйылкы жылы дан эгиндерине көбүрөөк басым жасадык. Былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл дан эгиндери көбүрөөк себилди. Жыйынтыгында республика боюнча жалпы аянт 1 миллион 219 миң гектарга жетип, жазгы талаа жумуштары жүргүзүлдү”, – деп билдирди министр Чодуев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ