Бүгүн, 27-июлда Премьер-министрдин буйругу менен Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Түлөбаевди жамааттын кызматкерлери менен тааныштырды.
Түлөбаев Балбак Зарлыкович 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган.
Эмгек жолун 1996-жылы Түркиянын Стамбул шаарындагы «Корис интернейшнл» компаниясынын кызматкери болуп баштаган.
1997-2000 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик токой чарбасы агенттигинин директорунун жардамчысы,
2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде кеңешчи,
2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында кеңешчи, жардамчы, бөлүм башчысы,
2010-2013 – Саясий байкоочу, башкы редактордун орун басары, “Айат” гезитинин башкы редактору,
2013-2015 – “АЮ Холдинг” президентинин кеңешчиси,
2015 – Директорлор кеңешинин мүчөсү, “АЮ Холдинг” компаниясынын вице-президенти,
2018 – “АЮ Гранд Комфорт” соода борборунун башкы директору,
2018-жылдын августунан 2020-жылдын июль айына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп иштеп келди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ